Жапайы ромашка (Ромашка безязычная)
Бир жылдык жапайы жана айдалма өсүмдүк. Жапайы ромашка бийик ашууларда, мөңгүлөрдүн этектеринде өсөт. Ал эми көп өсүүчү ромашка эски айдоолордо, жол жээгинде, арык жээктеринде кеңири өсөт. Бирок, дарылыгы тоолордогу ромашкага жетпейт. Ашууларда өскөн ромашка кеч күзгө чейин гүлдөй берет, бою 10-15 см. ал эми ойдуң жерлерде өскөн ромашка май, июнь айларына чейин гүлдөп, бою 40-45 см. өсөт.
Дарылыгы: ромашканын гүлү колдонулат. Толук гүлдөгөн мезгилде гүлүн терип, көлөкөгө кургатып алуу керек. Көбүнчө сезгенген ооруларга, катуу суук өткөнгө, безгекке, чыйрыкканга, ичегилерге суук тийгенде пайдаланылат. Тамак оорусун буулоо, сезгендирүү жана кайнатма тундурмасын ичүү жолдору менен колдонулат. Жапайы ромашка (тоодогу) эски холецистит анациддүү гастрит жана ошондой эле өт тазалоого колдонулат.
Даярдоо ыкмасы: бир чоң аш кашык гүлүн 150 гр. кайнак сууга 20 мүнөт демдеп үч маал ичүү керек, (ар ичкенде чоң аш кашыктан).Тамак буулоого 3 чоң аш кашык ромашка гүлүн 200 гр. сууга 10 мүнөт демдеп бир канча жолу тамакты буулоо керек. Бир күндө 3 ирет буулоодон кийин 10-15 мүнөт чүмкөнүп жатуу зарыл. Дагы бир жолу сезгендирип буулоо жолу: Тоо гүлүнүн тунмасын 5-7 кара ташка бир канча жолу буулап чүмкөп жатуу керек, эгерде ылдый жак болсо оронуп отуруу зарыл. Күндө 2-3 жолу 7 күн катар жасаш керек. (Ар бир сезгендирип буулоодо жылуу жатууну унутпаңыз).
Автор:Нурайым Рысмамбетова

Введите сообщение…
 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here