Вице-премьер министр Олег Панкратовдун эл өкүлдөрүн чымын чакканчалык дагы көрбөсү Кожобек Рыспаевдин ачуусун келтирди. Буга Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде “КРдин бажы тарифи жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор каралып, талкууга чакыртылган Панкратовдун жыйынга келбей койгону себеп болду. Мындан улам, депутат Рыспаев: “Эки-үч жолу ушундай кылды. Өткөн жылы да ушундай кылган”, — деп күпүлдөп, эси барда этегин жапсын деген ишарат жасады. Ырасында, буга чейин да Панкратовдун кылыгына чыдабаган эл өкүлдөрү вице-премьердин жүрүм-турумуна баа берүү керектигин, керек болсо иштен айдоо зарыл экенин белгилешкен. Бирок азырынча колдорунан эч нерсе келе элек. Анан ким тоготмок эле?..

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here