Мурдагы аткаминерлердин коррупциялык схемаларга аралашуу ыктымалдыгын текшерүү үчүн алардын жана үй-бүлөсүнүн чыгымдарын көзөмөдөөнү Орусиянын Башкы прокуратурасы сунуштады.  Сунушка ылайык, эгер мурдагы мамлекеттик кызматкердин мүлккө мыйзамсыз жол менен жеткендиги аныкталса, анда анын жана үй-бүлөсүнүн мүлкү мамлекеттин пайдасына алынат. Көзөмөл жүргүзүүнү аткаминер кызматтан кеткенден кийинки үч жылга киргизүү сунушталууда. Текшерүүгө мурдагы мамлекеттик кызматкердин кирешелери менен чыгашаларынын дал келбегендиги тууралуу билдирүүлөр негиз болушу мүмкүн.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, учурда мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан адамдардын гана чыгымдары текшерилет. Айтымдарында, алар жазадан кутулуу үчүн кызматтан кетип калышат, прокуратура болсо сотко кайрылуу негиздеринен ажырап калууда. Бизге да ушундай мыйзамды киргизек жакшы эле болмок. Мурдагы гана эмес, азыркы атка минерлерди да катуу текшерүү керек.

ИИМдин маалыматы боюнча, Орусияда паранын орточо көлөмү 2016-жылы 75 пайызга өсүп, 328 миң рублди түзгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here