Watchdog Judicial Watch консервативдик тобу 29-мартта АКШнын Мамлекеттик департаментинин 1 миң 184 беттен турган каттарын жарыялады. Алардын арасында Хилари Клинтондун жеке менчик серверинде сакталып, мурда белгисиз болгон 29 кат камтылган тууралуу маалымат чыкты. Була тууралуу «Турмуш» басылмасы басып чыкты.
Хилари Клинтонго келген каттардын арасында жакыны Сидни Блюменталдын ага жөнөткөн каттары бар. Ал кезде Клинтон АКШнын мамлекеттик катчысы болчу. Каттын өзү аты жашырылган адам тарабынан жазылган. Ал жөнүндө Блюменталь мындай дейт: «Ал адам жогорку даражадагы маалымат булактары менен тыгыз байланышта болчу. Ал 72 саатта мага бул катты жөнөттү. Кат Убактылуу өкмөттүн лидери Роза Отунбаева жана революциядан кийинки абал жөнүндө».

Эскерте кетсек 2015-жылы да Клинтон менен Блюменталдын кат жазуулары жарыяланган. Блюменталдын каттары 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык чырдан кийинки абал боюнча болгон.
Каттын даттасы 2010-жылдын 8-апрели деп белгиленген. Бир нече ысымдар, анын ичинде каттын автору жана бир нече абзацтар жашырылган.
АКИpress агенттиги каттын котормосун жарыялады.
«Мен Кыргызстанда 1991-жылдан тарта иштедим. Бул убакытта мен Кыргызстандын 3 лидери менен тең тааныштым. Башында 1990-жылы Аскар Акаев менен Москвада, 1993-жылы Курманбек Бакиев менен Жалал-Абадда, 1992-жылы Роза Отунбаева менен Бишкекте тааныштым. Мен бардыгы менен ар кандай иштер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Биринчи иштерим Роза Отунбаев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп турганда болгон.
Роза Отунбаевага берилген баа:
Оппозициялык күчтөр Отунбаеваны бир нече себептер боюнча шайлады. Алардын арасында Отунбаева чет өлкөдө сый-урматка ээ болгон жалгыз фигура. Кыргыз элинин көз алдында анын ысымы 2005-жылы Кыргызстанда болгон «жоогазын революциясы» менен тыгыз байланышта. Бирок ал ошол революциянын өзүнүн кызыкчылыгын коргоп, Бакиевди жана башкаларды коррупция жана убадаларды аткарбагандыктары үчүн ачык сындаган жалгыз лидер болуп саналат. Ошондой эле, өзү коррупцияга жана пара алууга аралашкан эмес.
Ага ички эрктүүлүк жетпегендиктен, альтернативдик талапкерлер үчүн азыраак коркунуч катары каралат. Бул факторлордун негизинде мага оппозициянын айрым лидерлери дүйнө жүзүнүн алдында Отунбаеваны революциянын лидери кылуу боюнча тез чечим кабыл алышкандыгын айтышты.

Отунбаева 59 жашта. Ал өзүнүн карьерасын дипломатиялык корпуста баштаган жана Кыргыз ССРнин Тышкы иштер министрлигин жетектеген. Ал Советтер Союзунун Тышкы иштер министрлигинде иштеп, Эдуард Шеварнадзенин көңүлүн бурдуруп, ал Отунбаеваны орун басары кылып дайындаган. Бул Борбор Азия жана 30 жаштагы аял үчүн чоң жетишкендик болгон. 2002-жылы Шеварнадзе мага Отунбаеваны СССРдин Тышкы иштер министри кызматына мураскер кылып калтырууга жарай турган, билими күчтүү адам катары карагандыгын айткан. Ал анын маселени тез аңдап, тез жана ыкчам чечим сунуштаган жөндөмдүүлүгүн байкаган. Ал Отунбаеваны саясий максаттарды так түшүнө алган «чыныгы дипломат» деп атаган. Менин Отунбаева менен жеке тажрыйбам бул байкоолорду тастыктайт. Анда саясий ориентацияга багыттап турган идеализмдин үлүшү бар. Бирок ал өзүнүн кадамдарында прагматик.
Ал саясий философиянын өңүтүндө категоризацияга каршы. Анын саясий партиялары «Ата Журт» андан кийин КСДП көпчүлүк учурда Кыргызстандын саясий таразасында «солчулдар» катары көрсөтүлөт. Бирок партия континенталдык европалык социал-демократтардын жана британдык лейбористик партияга ориентирленет (Отунбаеванын тыгыз байланыштары бар, анын ичинде Тони Блэр менен дагы). Ал негизинен убак-убагы менен сүйлөшүү учурунда байкалган марксизм жана ленинизм түшүнүктөрүндө окуганына карабай, анын саясаты прагматикалык багытта. Ал постсоветтик өлкөлөрдөгү социалдык түйүндөрдү сактоону колдойт жана саламаттыкты сактоо менен билим берүүгө өзгөчө көңүл бурат. Ал Бишкекте Американын Борбор Азиялык университетинин ачылышын кызуу колдогон жана университеттин кеңешине мүчөлүккө бир нече жолу көрсөтүлгөн. Ал оппозиция лидери катары анын ролу университеттин өлкөнүн өкмөтү менен мамилесин кыйындатат, деп сунуштардан баш тарткан.
Отунбаев элчи катары чет элдик инвесторлорго жолугушууларга барып, аларды өкмөттүк убаракерчиликтерден коргоп турчу. Мен анын бул иштерде жеке кызыкчылыгын же жеке байланыштарына пайда издегенин байкаган жокмун. Ал Кыргызстандагы саясий фигуралардын арасында, жеке кызыкчылыгы үчүн өзүнүн абалынан пайдаланган саясий ишмерлердин чоң айыптоолорунун жок экендиги жана өзүнүн пайдасынан баш тарткандыгы менен өзгөчө. Чынында бул нерселер ага коомчулукта эле эмес, аны «реалдуу эмес» деп эсептеген жалпы саясий класста урмат-сый топтоого мүмкүндүк берди. Отунбаева узак убакыт Кыргызстандын Вашингтондогу жана Лондондогу элчиси болуп иштеген. Ал англис тилин жакшы билет жана АКШ менен Улуу Британияга позитивдүү көзкарашта. Кыргызстандын 3 лидеринин арасында ал америкалык маданиятты жана америкалык саясий чөйрөнү терең түшүнгөн жалгыз адам.
Отунбаева Бишкек менен Москванын туруктуу мамилеси маданият, коммерция жана кооптуулук үчүн негизги тапшырма деп ишенет.
Анын жаңы өкмөттөгү позициясы
Мени менен сүйлөшкөн оппозициянын лидерлери Бакиевдин отставкасын, оппозиция парламенттик таратып, Отунбаева башында турган жаңы убактылуу өкмөт курап, жаңы шайлоолордо президентти, андан кийин парламентти шайлай тургандыгын күтүшкөн. Оппозициялык көптөгөн адамдар Отунбаеванын мурдагы парламенттик шайлоодогу начар жыйынтыгын эске алып, анын президенттикке ийгиликтүү талапкер болорунан шек санашат. Текебаев алардын (оппозициянын) талапкери катары каралган. Бирок Отунбаев барыбир өткөл убакытты жөнгө салып, популярдуулук топтоп лидер боло алат, деген пикирлер да бар.
Ошондой эле, анын келечеги өсө тургандыгы белгиленет. Себеби чет элдик державалар менен мамилелер проблемалуу болот. Оппозиционерлердин арасында ал көйгөйлүү, оор тышкы иштерде тажрыйбасы бар жалгыз адам».
http:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here