Баш бакан Сооронбай Жээнбеков кечээ  Чүй облусундагы Чу дарыясынын жээгиндеги Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун жээгин бекемдөө иштери менен таанышып келди. Негедир, Соке мырза, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине нааразычылыгын айтып, күпүлдөп алды. ӨКМга нааразы болгону министр Кубатбюек Бороновго нааразы болгону эмей эмне? ӨКМ эмне кылсын, кайсыл жерде табыгый кырсык болсо, ошол жерде кырсыктын кесепттерин жоюга болгон күчүн жумшап жатат.

Жээнбеков:  2017-жылы Чу дарыясынын жээктерин бекемдөөгө 120 млн сомдун 55 миллиону бөлүнгөнүн, учурда жети объектте бекемдөө иштери жүрүп жатканын айтты. Ал акчаны ӨКМ максаттуу колдонуп, кырсыктын кесепеттерин жоюуга толук сраптап жатса болду да. Эгер орто жолдон суук колдор уурдаса, анда кеп башка. Баса, учурда Преиздентке эң жакын фигура жана өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен Сокеге анчалык моюн суна бербегендерин ана башында ушул Кубатбек Боронов турат дешет. Бир кезде Боронов премьерликке да чала-бучук көрсөтүлгөн жайы бар. Мына ушундай жагдайлардын баарын эсине алган Соке мырза, учурдан пайдаланып, анча-мынча болсо да согуп алайын деп жатабы? Белгилүү болгондой саясатта досчулук жок, партиялаш деген түшүнүк да анчалык суу кечпейт,  болгону жеке кызыкчылык деген гана бар.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here