«Республика-Ата -Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргыз-орусөнүктүү фондунан 17 миллион доллар насыяны мыйзамсыз алганы боюнча маалымат тарады. Эгер бул маалымат тастыкталса «кылым аферасы» деп атоого болчудай.
Эмнеге? Бир нече себеп менен түшүндүрүп өтөлү…
Биринчиден, Бабанов бул кредитти бир нече жылдан бери курулушу бүтпөй турган «Азия Молл» соода борборун бүткөрүү үчүн алган экен. Бишкектин чок борборунда «Манас» көчөсүндөгү бул имараттын жакындан тарта курулуш жанданганын көпчүлүк байкаса керек.
Ал эми дал ушундай максатта насыянын берилиши Кыргыз-орус өнүктүү фондунун уставына каршы келет.
Аталган фонддун уставында: «Фонд Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын экономикалык кызматташтыгына көмөктөшүү, Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү жана модернизациялоо, тараптардын евразия экономикалык интеграциясы жараткан мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу колдонуу максатында» түзүлгөнү айтылган.
Ошондой эле уставда «2. Белгиленген максаттарга жетүү үчүн фонд: Кыргыз Республикасынын экономикасынын приоритеттүү тармактарындагы өзүн-өзү актачу долбоорлорго насыя берет…» деп жазылган.
Мындай болгон соӊ шаардагы кезектеги соода борборду же чоӊ базарды курууну экономиканын приоритеттүү тармагы катары саноого болобу деген суроого жооп издеп көрөлү. Кайсы өкмөттүк токтом же жободо базарлар менен супермаркеттерди куруу артыкчылык берчү тармак катары көрсөтүлгөн?
Эч жерде. Тескерисинче, өкмөт акыркы жылдары алып сатуунун ордуна өнөр жай ишканаларын куруу, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү зарылдыгы дембе-демайтып, элди ушул тармактарда жумуш менен камсыз кылалы деп чакырык таштап келет.
Мындай жол менен жалпы өлкө үмүт арткан фонддон Бабановго насыя берилиши Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун уставынын 4-статьясынын 2-бөлүмүнө түздөн-түз каршы келет.


Экинчиден, Бабановго берилген насыя фонд уставынын дагы бир жобосуна жооп бербейт. Уставдын 13-статьясынын 4-бөлүмүндө «Фонд, Фонддун Башкаруу кеӊешинин мүчөлөрү жана кызматкерлери өлкөдөгү саясий окуяларга аралашууга, саясий ишмердик менен алектенген, түз же кыйыр тиешеси бар саясий партиялар, уюмдар же адамдарды каржылоо боюнча чечим кабыл алууга укугу жок» деп так жазылып турат.
Ал эми Бабановду саясий ишмердик жүргүзгөн адам катары санай алабызбы? Албетте. Ал Жогорку Кеӊештеги фракция лидери жана депутат. Ал гана эмес, өлкөнүн президенти болом деген планын ачык эле айтыпжүрөт.
Бабанов фонддон алган акчаны өз партиясын каржылоого түзмө-түз же кыйыр колдонушу мүмкүнбү? Толук мүмкүн.
Дал ушундайча Бабановго берилген насыя Кыргыз-орус фондунун эки пунктуна каршы келери айдан-ачык болду.
Үчүнчүдөн албетте, Кыргыз-орус фондунда деле мыйзамды жакшы билген адистер иштейт жана Бабановго акча берүү туура эмес экенин түшүнүшөт. Бирок аларды мындай кадамга түрткөн себептер болсо керек. Буга азырынча даяр жооп жок. Бабанов кандайдыр-бир жол менен ынандырса керек. Бул суроолорго тиешелүү укук коргоо органдары көӊүл буруп, териштириши керек деген ойдобуз.

Кыргыз-орус фонудун 4 пайыз менен насыя алып, “Кыргызстан” банкынан 20 пайыз үстөк менен берип жатабы?

Төртүнчүдөн, өзүн эл үчүн күйгөн адам катары көрсөткөн Бабановго собол салгың келет. Ал парламенттик депутаты катары, президент болом деп айтып жүргөн адам катары эмнеге бизнес долбоорлорун токтотуп, саясий ишмердик менен гана алектенбейт?
Мыйзамга ылайык, депутат, президентке бизнес менен алектенүүгө тыюу салынган.
Айрымдар Бабанов учурда түздөн-түз бизнес кылбайт, ал саясатка киришкени баардык компанияларын жакындарына өткөрүп берген деген шылтоону айтышы мүмкүн.
Бирок көпчүлүк Бабанов бизнесин өзү башкарарын эӊ сонун билет. Эл көзүнө эле бизнестен кеттим дегени суу кечпеген сөздөр.
Эӊ акырында, бешинчи себепке көӊүл буралы. Бабанов «Кыргызстан» банкынын кожоюну экени белгилүү. Муну «Республиканын» лидери өзү да танбайт.


Дал ушул банкта жылдык үстөк пайызы 20 пайыздан жогору болгон насыялар берилет. Ал эми Бабанов болсо Кыргыз-орус өнүктүүруу фондунан жылдык үстөгү 4 пайыздык кредит алып жатат. Ойлонгон кишиге эӊ сонун бизнес. Арзан акча алып башкаларга кымбат бересиӊ. Мындай нерсе канчалык моралга туура келет. Ооба айрымдарды морал, уят деген маселелер тынчсыздандырбайт дечи, анда канчалык мыйзамдуу?
Жогорку Кеӊештеги фракциянын лидери өз саясий салмагын, кызматын ортого салып, эл аралык уюмдан (Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду устав боюнча эл аралык уюм болуп саналат) арзан акча алып, өз банкы аркылуу кымбат сатканы кызыкчылыктарк агылышы эмеспи?
Ошондуктан, бул макалада айтылгандарды тиешелүү органдар тыкыр иликтеп чыгышы керек деп эсептейбиз. Өкмөт, Жогорку Кеӊеш жана Президент бул шектүү фактыга сөзсүз көӊүл бурушу керек.
Канча жылдан бери Кыргызстанда өнөр жайды жана кайра иштетүүнү өнүктүрүш керек деп какшап айтып келебиз. Ушул жаатта иш кылам деген ак ниет,жөнөкөй ишкерлер жана фермерлер арзан насыяга жетпей кыйналып келет.
Ошол эле учурда парламент трибунасынан бизнести өнүктүрүү керек деп «шилекейин чачырата» кыйкырган айрым саясатчылар өздөрү тымызын гана жеӊ ичинен арзан акчаны мыйзамсыз алып келет.
Баса, Бабанов алган 17 миллион доллар Кыргыз-орус өнүктүрүү фондундагы насыяга берилчү каражаттын 10 пайызга жакынын түзөт экен.
Дал ушундай эки жүздүү саясатчы-коммерсанттарды көрүптуруп, кайран өлкөбүздү кантип өнүктүрөбүз деп каӊырыгын түтөп кетет.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here