Чын экенин, же ашыкча апыртылып айтылганы ким билет. Айтор, бизден алыскы Румынияда 18 жаштагы Александра Кефрен аттуу модель кыз өзүнүн кыздык белгисин аукционго коюптур. Баштапкы баасы 2,3 млн. еврону чапчыйт экен. Бул тууралуу чет элдик сайттар жазып чыкты.

Биринчи кардар катары Гонконкдон ири бизнесмен аталган “товарды” сатып алганы айтылат.  Бирок канчага сатып алганы тууралуу так маалымат жок. Бул обу жок кыз ал бизнесмен менен сүйлөшкөнүн да жар салган.

Эми мындай шумдук аукционду уюштуруп жаткан Cinderella Escorts аттуу эскорт-агенттиги кыз ал абийирин жоготкончо коштоп жүрөт, ал агенттикке “товардан” түшкөн акчанын 20 пайызы берилет. Бул кыз фотосессияларга байма-бай катышып, ички кийимдерди жарнамалап келет. Аталган агенттиктин 300 кыздан өз кыздык белгилерин аукциондо сатып берүү боюнча “заказ” алганы айтылат. Мындай шумдук өз баштары менен кетсин дейли…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here