КСДП фракциясынын депутаты Бакыт Жетигенов «Чагылганга» ЖКда каралып жаткан лотерея оюндарына тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорунун күнгөй-тескеийин айтып берди. 

Бакыт мырза, сиз буга чейин казинолорду жабуу мыйзамынын демилгечиси болдуңуз эле. Эми лотереяларды жабуу боюнча да мыйзам долбооруна  авторлош болуп жатасыз. Бул мыйзам долбоорун азыр палатага алып чыктыңыздар. Ушул маселенин чоо-жайын окурмандарга толук айтып берсеңиз?

-Жалпыга белгилүү болгондой акыркы учурларда лотерея абдан көбөйүп кетпедиби. Бир лицензия алып туруп, ага 10-15ти ачкандар да бар экен. Лотерея оюндарынын пайдасынан зыяны көп болуп жатат. Аны биз айтпасак деле жалпы эл жакшы билет. Биз казиного тыюу салганыбызда, алар жылчык издеп, тотализатор, букмекерлерге кирип кетишкен. Бирок алардын баары кийин иликтенип, жабылбадыбы. Анда кийин, алар лотереянын ичине кирип башташпадыбы. Бишкектеги лотереялардын тездик менен көбөйүшүнүн бир себеби да ушул болду окшойт. Биз демилгечилер лотерея такыр жок болсун, баарын тең жабалы дегенбиз. Бирок өкмөт кайрылып: “Союз кезинде Досаф, Спорт лото” деген лотерея болгон, мамлекеттик ишкана кылып калтыралы” –деп сурашкандан улам макул болгонбуз.  Өкмөттүн максаты палатада суроо-жооп учурунда ачыкталып калды. Көрсө, мамлекеттик деп коюп оператор кылып түзмөк экен, ал оператору мамлекетке болгону салык төлөйт экен, калган пайданын баары, өзүндө калмак экен. Пайданын баары анда калып жатса, кандайча мамлекеттики болот? Ошондуктан, биз ага каршы чыкканбыз. Эми өкмөт, лотерея боюнча мамлекеттик ишкана түзүп жатат. Ал ишкана түзүлүп, иштеп баштагандан кийин, мындан ары лотерея оюндары  илгеркидей “тиражный” болуп калат, жыйынтыктары, утуштар гезиттерге, ТВларга чыгат дегендей. Ошондой эле дароо ойнотулган лотерея да болот. Мыйзам толук кабыл алынса, Президент ага кол койсо, күчүнө кирет да, кадам сайын лотерея уюштуруп алышкандардын баары жабылат. Ичиндеги рулетка, казино, ж.б. токтойт.

— Демек, мындан ары лотерея саясатын мамлекеттик ишкана тейлейт экен да…

-Кудай буйруса, ал ишканада өздөрүнүн эсеби боюнча 15-20дай киши иштейт. Бирок ишкананы иштетүүгө 70 млн. сом керек экени кечээ айтылды. Менимче, бул көп го. Дагы жакшылап эсептешет да. Ал ишкана түз өкмөткө караштуу болот. Лотереядан түшкөн каражаттын баары тең өкмөткө түшөт. Бир колго топтолуп, толук көзөмөл менен иштеп баштаса, азыркыдай алдамай жок болот. Баары калыс, баары таза кылса деген тилек кылып жатабыз. Эгер такыр эле кылтыңдап, мыйзам бузуулар болуп баратса, биз да көзөмөлдөп турабыз да.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here