Көптөр чай баштыкчаларын ичип бүткөндөн кийин ыргытып жиберишет. Албетте, ал да туура. Бирок, чай баштыкчасын эртең менен турганда көздүн асты шишип калганда 5-10 мүнөт коё калсаңыз шишиктер тарап кетет. Андан сырткары чай баштыкчасын күйүктө, ооздогу жагымсыз жытта колдонсо жакшы.

Этти жумшартат

Чай ичип бүткөндөн кийин баштыкчасын ыргытпай, этти маринаддасаңыз эт болуп көрбөгөндөй жумшак жана даамдуу болот. Ал үчүн 4 чай баштыкчасын чайды ичип бүткөндөн кийин ысык сууга кайнатып, ошол сууга этти 4 саатка салып койсоңуз сиз ойлогондой жумшак эт болот.

Муздаткычтагы жытты кетирет

Чай баштыкчасы этти жумшарткандан сырткары муздаткычтагы жагымсыз жытты да кетире алат. Болгону чайды ичип бүткөн соң баштыкчаларды муздаткычка салып койсоңуз анын ичиндеги жагымсыз жытты кетирип, аромат жыттантып коёт.

Идиштеги майларды кетирет

Чай баштыкчасы идиштеги кетпей жаткан майды кетирет. Идиш жуучу машинага же жууй турган чарага баштыкчаны салып коюңуз, идиштеги майды гана кетирбестен, жагымдуу жыттантат. Бул көбүнчө идиш жууй турган каражатка аллергиясы барларга абдан жакшы.

Абаны тазартып чиркейлерди качырат

Чай антибактериялык күчкө ээ, ошондуктан чайды ичип бүткөндөн кийин аны ыргытып салбай, күнгө кургатып туруп шкафтарга же чиркей көп келе турчу жерлерге коюп койсоңуз чиркей жолбойт. Себеби, чымын-чиркейлер мята чайынын жытын жактырышпайт

.

Датты кетирет

Чай баштыкчасынан бир нечени алып ысык сууга кайнатып туруп ал чайга дат баскан нерсени салып бир нече саат коюп коюңуз. Андан кийин чайдан алып чыгып, щётка менен тазаласаңыз дат кетет.

Автор:Самара Саламатова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here