Орусиянын Калининград шаарына чач тарач болуп иштөө үчүн барган  6 кыз сойкулук менен алектенип жаткандыгы үчүн милиция тарабынан кармалганы белгилүү болду. Алар өздөрүнүн «Киригизиядан келдик» деп айтышкан. Бирок чынында Кыргызстандан келгени, аты-жөндөрү тууралуу так маалымат жок, жүздөрү да көрүнбөйт. Балким, башка өлкөлөрдүн мигранттары болуп жүрбөсүн, өз өлкөсүн айтпай, башка мамлекеттин атын саткандыр? Бул жагын да тактоо керек. Албетте, кыргыз кыздары сойкулуктан алыс деп айтуу кыйын, андай учурлар деле катталып, ачыкка чыгууда, ошондой болсо да тактап коюу ашыкча болбос. Элчилик, бул маселени тактап коёт деген үмүтүбүз бар. Баса, ал кыздарды Калининградка айдоочулар алып барып, интимдик кызмат менен иштетип жүргөн эрекетер да кармалыптыр. Төмөндө тасмадан бирге көрөлү:

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here