Үйүӊүздү жалтырата албай жүрсөӊүз төмөнкү кеӊештерди окуп, тажрыйба жүргүзүп көрсөӊүз болот. Үйдү тазалоо да өзүнчө бир искусство. Бирок, кээде көӊүл түшүрүүчү окуялар да болуп кетет. Мисалы, ашканадагы, ваннадагы кетире албай жүргөн тактарды көргөндө ар бир кожойкенин көӊүлү чөгөт.

Жалтыраган суу крандары

Раковинадагы суу ага турган крандарды уксус аралашкан марлиге же кездемеге ороп 30-40 мүнөт коюӊуз, андан кийин балдардын денесине сүртө турган майды сүйкөп койсоӊуз жуунучу же идиш жуучу суу крандары жалтырап калат.

Аппак ванна

Ваннада ар кандай тактар калып кетпей убара кылганын көрүп эле жүрөбүз. Ваннага ысык суу толтуруп, кычкылдуу агартуучу куюп таӊ атканча коюп салыӊыз. Эртеӊ менен ваннаӊызда бир да так калбай жалтырап калат.

Кафель

Кафелди тазалоо үчүн кадимки эле сода менен сүртсөӊүз таптаза болот.

Микротолкундуу меш

Микротолкундуу мешти да бул ыкма менен тазалоо абдан жеӊил болот. Микротолкундуу мештин ичине табакка сода жана лимон кошулган сууну 5 мүнөткө койсоӊуз, микротолкундуу меш дүкөндөн жаӊы сатып келгендей болуп калат.

Газ плита

Сууга сода, перекись суутегин кошуп газ плитаны жуусаӊыз башка химикаттарга караганда тактарды из калтырбай жакшы кетирет.

Мискей

Эгер мискей капкара болуп кеткен болсо ага уксус аралашкан суу куюп кайнатсаӊыз, капкара болгон мискей же казан жалтырап калат. Эгер уксус кошпойм десеӊиз мискейге туз сээп картошка менен сүртсөӊүз да жакшы.

Автор:Самара Саламатова

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here