“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Алтынбек Жунусов «Чагылганга» Кыргызсатндагы жол салуу маселесиндеги коррупциялык схемаларды ачыктап, бир топ далилдерди келтирди. Чынында, бул маселеге эмнеге, көңүл бурбайбыз. Мамлекет жетечилери эмнени карап олтурат? Биз бул маселени мындан ары да терең иликтеп, коомчулукка жеткизгенге аракеттерди көрмөкчүбүз. 

-Адыл мырза, жаңылбасак, сиз жол салуу маселесиндеги коррупциялык схемаларды айтып келатасыз. Кыргызстандагы жол корупциясы, мафиясы укмуш өнүккөн, аны жакшы билесиз. Жаз келип, борбор шаарыбызда, аймактарда миллиондогон долларларга 100дөгөн чакырым жол салуу иштери жанданып баштады. Демек, жол салуудагы коррупция маселесин бүгүн айтпасак, качан айтабыз?

-Туура, маселе көтөрүп жатасыңар. Жол тармагы боюнча чоң адисмин деп айтуудан алысмын. Бирок, бул тармакты, ага кеткен чыгымдарды жакшы эле билебиз.  Депутатыкка чейин да, бир аз алектенип, өз башымдан аздыр-көптүр өткөргөм десем болот. Анан, билип, көрүп туруп, мыйзам бузуу болуп турса, айтпай коюнун өзү да күнөө болсо керек. Балким, биздин маселени улам, улам көтөрүп турганыбыздын аз да болсо жыйынтыгы чыгып калаар деген үмүтүбүз бар. Мисалы, Балыкчы, Кубакыдан Нарынга бурулуп кеткен жерге чейин салынган жолду айтайын. Узундугу 25 чакырым. Ага 38 млн. доллар сарпталыптыр. Эми ал жерде өтмөк, көпүрө жок. Эсептеп көрсөк, ар бир чакырымга 1,5 млн. доллар кетиптир. Жолдун баасы кеткен, чыгымдарды эсептегенден чыгат да. Биздин Транспорт министрлиги Долондогу жолду салууга  өткөрүлгөн тендерде баштапкы баасын 85 млн. доллар деген, алды 120 млн. долларга кеткен. Кытайлардын “Сино-Гидро”  деген компаниясы ал тендерде 50 млн. доллардын тегереги менен утуп алды. Мындайча айтканда, министрлик койгон сумманын жарым баасына. Биздин депутаттар андай азыраак акчага салган жолдун сапаты начар болуп калат деп айтып жатышат. Мен эч кандай начар болбойт деп айтат элем. Себеби, тиешелүү кызматкер башынан аягына чейин көзөмөлдөйт, анан бүткөндө талапка ылайык өткөрүп алат. Сапаты начар болсо, кайра талап коюп, жасатат. Мени таң калдырганы дагы эле жумуштардын жасалышындагы баа саясаты. Мисалы, экскаватор 1 кубту казган баасы 1 доллар, кээ бир жерлерде 1, 20, 1,40 дегени бар экен. 1,2 болсо, демек, анын кирешеси эки эсе болот да.

Сөзүңүзгө аралжы. Түндүк-түштүк альтернативалык жол салынып жатпайбы. Ал жерде деле мындай көрүнүштөр болсо керек?

-Ал жолдун деле баа саясатына баам салып жатабыз. Ал жолдун жалпы баасы 850 млн.доллар болоору эчак эле элибизге айтылган. Бирок эми көбөйтүлүп, жалпы чыгым 1 млрд. долларга чыгат деп айтылып жатат. Чындап эсептеп келгенде,  жолду салып жаткан “Чайнарод” компаниясы баа саясатын өтө жогору эсептеген. Демек, аталган компаниянын мүдүрлөрү менен бирдикте биздин Транспорт министрлиги коррупциялык схеманы ишке ашырып жатышы мүмкүн. Бир мисал айтайын. Долондогу жолду салып жатышкан компания бир куб асфальтка 138 доллар баа коюп жатат, Бишкекте 140 доллар, Балыкчы-Корумду жолун салып жаткан “Лонхай” компаниясы 140 доллар экен. Ал эми “Чайнарод” компаниясы 300 доллар экен. Эки эсе кымбат. Шебенди Кытайдан, же Бишкектен алып келип жатса бир жөн. Ошол эле жапжакын жерден алып жатышат, битуму да жакын. Транспорт министрлиги Долондогу  жолго 85 млн. доллар койду эле, аны 45 млн долларга салып жатышат. Балыкчы-Корумду жолуна 9 млрд. сом койду эле, аны 6,5 млрд. сомго салышууда. Ортодогу айырмаларды карабайсызбы? Кыргыз компаниялары андан да аз баа берген. Бирок кыргыз компаниялары жакшы сала алышпайт деп айтып жатышат. Берсин, көрүп эле жатабыз, кыргыз компаниялары баягы эмес, азыр бир топ тажрыйба топтошкон, биринен-бири кем калышпайт, сопсонун салышат. “Чайнарод” келгенден бери жалпысынан Кыргызстанда 2 млрд. долларга жол салуу боюнча иш аткарышыптыр. Жогоруда айткандай, 3 эсеге чейин көбөйтүлгөн сумма менен. Ал каражаттын  көмүскөдөгү үлүшү жең ичинен кимдер алып жатат?

-Ачык айтпайсызбы?

-Мен аны билбейм. Бирок кызыкчылыктар болуп жаткандыктан ушунча кымбат болуп жатат. Дагы бир таң калычтуусу мындай: жолдун долбоорун чийген да бир компания, кайра эле  өздөрү  технадзор. Бул эми акылга  сыя бербейт да. Долбоорду чийген адам, өз кемчилигин текшергенде айтмак беле, анысы ошол бойдон ачыкка чыкпай калып калат да. Кайра ошого миллиондогон акча алат. Өкмөт ушинтип жасап койгон. Бир жери тура эмес болсо, аны чыркырап айткан киши жок.

Дагы бир мисал, Балыкчы-Корумду жолун салып жаткан “Лонхай” 1 тонна жүктү 1 чакырымга ташыгандарга 5-6 сомдон төлөп берип жатыптыр. Биздин кыргыз компаниялары КАМАЗдарын, ХОлорун кезекке коюп, ошол баа менен иштеп, аз болсо да пайда таап жатышат. Ошол эле, учурда “Чайнарод” 1 тонна жүктү. 1 чакырымга ташыган кытайларга келишим менен 60 сом төлөйт экенбиз. Демек, кыргызстан аталган компанияга 60 сом төлөйт. Алар банктан 60 сомду алып, 6 сомун кыргыздарга берип коёт да, 54 сомун чөнтөккө уруп коюшат. Бул эмне деген шумдук. Бул бир гана жүк ташуу боюнча. Казганы, жүктөгөнү ж.б. иштеринин да өзүнчө жогорулатылган баалары бар. Эмне үчүн тышкы карыздарыбыз өсүп жатат? Тышкы карыздарыбыздын 70 пайызы дал ушул жол салууга кеткен. Бул тармакта болсо, ушундай коррупция гүлдөгөнүн көрүп жатабыз.

Мындай көрүнүштөр аймактарда эле эмес, Бишкектеги жолдорду салууда да бар да, туурабы?

-Кантип жок болсун? Дагы, бир мисал айтып берем. Бишкек-Аэропорт жолун салууга 5 компания тендерге катышкан. Ал жерде да чоң эле алешемдиктер кетти. Негизи, Орусияда ким жол салса, ошонун асфальт заводу бар болсун деген талап, мыйзам бар. Буйруса, мен дагы ушундай мыйзамды демилгелейин деп жатам. Анан ал завод чыккан асфальттын стандарт баасын жазып койгон. 250 доллар болсо, аны өзгөртмпөй жок. 23 чакырым жолду, млрд. сомго асфальтталды дейли.

Бизде Бишкекте   асфальт заводу бар 5 эле фирма болсо, алар башкаларга каалагандай кымбат баа менен сатышат. Кыскасы, стандарттуу баа жок. Асфальт заводго барсаң, 1 тонна 4 миң сом, булар 200 доллардан ашык бааны коюп жатат. Эмнеге? Жоопту издей бериңиз. Транспорт министрилигине айтып жатам. Жол салуудагы орточо бааны стандарт баа кылып чыгарып койгула деп айтып жатам. 1 чакырым талапка ылайык 500-600 доллардан ашпашы керек. Бишкек-Кара-Балта жолу 86 млн. долларга салынат. Бирок ага кыргыз компаниялары катышпайт. Себептерин, жогоруда айттык…Менимче, жол салуудагы мындай коррупциялык көрүнүштөрдүн баарын эле укук коргоо органдары, мамлекет жетекчилери толугу менен эле билет. Бирок билсе, ошончолук катуу чара көрүлсө, мамлекетке чоң пайда болмок да. Ансыз деле, тышкы карызыбыз  мындай темп менен кете берсе, ар бирибиздин,  балдарыбыздын, небере-чөбөрөбүздүн мойнуна илинери турган иш болот. Мындай маселени, терең ойлонуп, ошого жараша чечкиндүү аракеттерди көрүү зарыл.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here