Америкалык Брианна Оливас өзүнүн жаӊы алган iPhone 7 Plus телефон аппаратынын түтөп аткан кезин видеого тартып алган. Баасы асманды чапчыган бул телефонду мынтип түтөп кетээрин эч ким ойлонгон деле эмес. Брианна телефонду алган күндүн эртеси эле аппарат иштебей, дүкөнгө алып барган эле. Кызматкерлер телефонду текшерип, иштетип беришиптир. Уктап жатканда телефонду кубаттандырууга койгон кыз аппараттан түтүн чыгып, сырты ээрий баштаганын көргөн андан кийин аппарат жарылып кеткен. Apple компаниясы бул эмнеден болгон жарылуу экенин азырынча иликтеп жатышат. Жакынкы күндөрү ал компаниянын продукциялары да сатыктан чыгып калбаса болду.

https://www.youtube.com/watch?v=LHnwOOTAFR0

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here