Кыргызстан Ассамблеясынын жетекчиси, өкмөт башчынын кеңешчиси, генерал Токон Мамытов «Чагылганга» Кыргызстандагы элита маселеси жана коррупцияга бөгөт боло турган, атка минерлердин деңгээлин текшерүү үчүн психофизологиялык тестти киризүү зарылдыгы келип жеткенин жеткиликтүү айтып берди. 

     -Токон Болотбекович,  өкмөт башчынын кеңешчиси катары кадр маселеси боюнча эмне айтасыз? Акыркы учурларда сапаты жок, ишти билбеген, тажрыйбасы жок кадрлар тааныштын жана акчанын күчү менен эле чоң кызматтарга барып жатышат, эл буга чынында нааразы да…

-Чынында кадр маселеси боюнча менин тиешем жок. Чоң кызматтарга барып жаткан жаңы кадрларды да кылдаттык менен карап, анан дайындап жатышса керек. Бирок ар кандай кызматтарды ээлеп олтурган кадрлар күчтүү деп айта албайм. Кандай болгон күндө да эл жана мамлекеттик кызматтагы кадрлар түндүк –түштүк деп бөлүнбөшү керек. Эл өзү бөлүнбөйт, элди айрым Кемчонтой саясатчылар бөлүшү мүмкүн. Негизи андай бөлүнүп–жарылууга жол бербешибиз керек. Адам жаман жана жакшы деп, акылдуу адам, акылсыз деп, тажрыйбалуу, тажрыйбасыз деп, мына ушундай эле  бөлүнүшү керек. Ар бир адамды жооптуу кызматка коёрдо эң биринчи психофизиологиялык тестен өткөрүү зарыл.

Ал тест маданияттуу айтканда кызматка дайындалып жаткан кишинин акылы бар же жок экенин аныктап коёт. Андан тышкары адамкерчилик сапатын, уурдайбы, уурдабайбы деген сапаттарын аныктайт. Сабырдуулугун, туруктулугун аныктайт.

Ушул маселени ишке киргизсек, биз сапаттуу кадрларга ээ болуп, уурдагандардан, акылы тайкы, тажрыйбасы аздардан арылабыз.

Ал тесттен ким өткөрөт? Кадр кызматыбы?

— Кадр кызматынын колунан келбейт, эртең эле аларды паралап коюшат да. Керек болсо ал тестен өткөрүү боюнча комиссиянын курамына  бир нече мамлекеттен билимдүү адистерди алып келүү керек. Мына, Москвада “Институт мозга”   деген бар. Бирок ал комиссиянын ичинде биздин да аттуу – баштуу, таза адамдар болушу шарт. Бул тесттин механизми бар. Буга чейин иштеген. Бир катар коңшу мамлекеттер колдонушкан.

Ушул маселени өкмөткө, деги эле жалпы кыргыз бийлигине сунуштап чыкпайсызбы?

-Мен бул маселени Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда да айткам. Азыр да айтып жатам. Чиновниктердин баарын ошол тестен өткөрсө натыйжасы жакшы эле болмок. Ошол тесттен мейли бир айылдын чоң кызматка иштейм деген тиешелүү талапка жооп берген адамдары да өтүп кетсин, талаш-тартыш болбойт.

Буга чейин “Детектор лжи” деген аппараттан деле айрым атка минерлер өтүп, калпы чыкса деле эч кандай натыйжа бербей эле, баары баягыдай эле баш аламан болуп жатпайбы, туурабы?

Детектор лжи. К. Ташиев

 

-Эми ал аппарат деген такыр башка. Москвада метронун жанындагы станцияда программаларды сатат. Баасы болгону 100 доллар. Айрымдар ошону алып алышып, компьютерине коюп,  100 барак китебин кошо  алып, анан тесттик программа түзүп алышып, ошол тестен өткөрүшкөн да. Андан кандай натыйжа болмок эле, эч кандай натыйжа болбойт. Ал чын айтат, калп айтат деген нерсени аныктай албайт.  Негизи  “Детектор лжи” аппаратын дүйнө жүзүндө эки эле нерсеге пайдаланат. Биринчиси адам аракечпи, экинчиси наркотикпи? Ушул эки нерсени эле эң сонун аныктап, 100 пайыз кепилдик берет, калганына жарабайт.

Ошол сиз айткан психофизиологиялык тест чиновникетр үчүн колдонууга киргизсек, анда бийликте иштегендердин 100 пайзызы болбоосо да 80 пайызы ал тесттен өтпөй кулап калат да. Андыктан, бул тести чиновниктер эзели колдонууга барбайт деген ой туулат…

лита дайыма аз болот. Элита бийликке келиши керек.

Эми буга чейинки элита дегендерди деле көрүп келатабыз го…

-Менимче, бизде элита жок. Азыр заманга жарашабы, айтор элита дегенди такыр тескери түшүнүп калышты. Мисалы, айрым айылдарда: “баланчанын баласы өткөндө келип бир жылкы союп, бир ящик арак алып берди, ошондо биз жыргадык, ошол жигит накта элит экен”-дегендер да бар. Ал элита эмес. Арык казып, мектеп оңдоп, анча-мынча кайрымдуулук кылгандар да элитага кирбейт. Элитанын орду такыр башка. Элита бир айылды ойлобойт, бүтүндөй мамлекетти ойлойт. Президент болуу, премьер-министр, депутат болуу  жеңил. Ал эми чыныгы элита болуу өтө оор. Элитанын жаш курагы чектелбейт. Ал сөзсүз эле чоң кызматтагы адам болбойт.  Жаштан да, орто муундан да, карылардан да чыгат.

Сиздин эсебиңиз боюнча Кыргызстанда канча элита бар?

-Менин эсебимде ашып кетсе 10-15 киши. Кыргызча айтканда андай адамдардын тубаса көрөңгөсү, касиети бар. Мисалы, Россиядан алсак, жакында эле көзү өткөн Евгений Примаковду айтсак болот. Дмитрий Лихачёв,  Валентин Распутин сыяктууларды айтса жарашат. Эми ал мамлекет чоң, элита деп саналгандар көп. Бизден көзү өткөндөрдөн алсак, Чыңгыз Айтматовду элита десек болот. Азырынча 10дой адам элита болгон. Кыргызстан үчүн мамлекетти алдыга жылдырып кетүүгө   50-60 киши эле жетет. Элитаны жасалама түрдө өстүрө албайсың. Эсиңдеби, биринчи Президенттин учурунда 500дөй улан-кыздарды элита кылабыз деп чет мамлекетке окууга жиберип, анан унутуп калып, кээ бирлери акчасы жок кыйналып, акырында алардын айрымдарын биз УКМКда иштеп турганда издеп дегендей… Кыскасы, элита маселеси туралуу кеп кылсак дагы көп нерсени айтууга болот…

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here