Атагынан чатагы арбын саясатчы Акматбек Келдибеков башка саясатчылардан кем калбай телеканал ачууга баш уруп, катуу киришип жатканы айтылууда. Аты “Нур” экен. Албетте, бул алдыдагы президенттик шайлоого карата болгон аракеттердин бири экенин баамдап билсек болот. Белгилүү болгондой Кыргызстандагы НТС каналы Өмүрбек Бабановго, “Nexт тv” каналы  Равшан Жээнбековдуку, “Сентябрь” Өмүрбек Текебаевдики, Кубанычбек Жумалиев менен Роза Аманованыкы “Санат” Ал эми Камчыбек Ташиев болсо 3 телеканал ачкан дешет. Анын бири 7-канал болчу, бул каналды башка бийликти колдогон фигуралардын бирине өткөрүп бериптир. Ошол 3 каналдын бирин жогоруда айтылган Келдибековго бергени айтылууда. Бакиевдин “Ак — Жолунда” депутат болгон Алмаз Каримов деген 8 –канал деген каналды ачыптыр. Кыргызстандагы ТВлардын саны 48 экен. Анын сегизи мамлекетке таандык болсо, калгандары менчик, мурда-кийин айтып келаткандай көбү саясатчыларга таандык. Бул эми ТВлар эле боюнча.

Ал эми гезиттерден башың айланат. Так санын айтуу кыйын. Адилет министрлигинде катталганы 1500дөн ашат экен. Мындан тышкары, маалымат сайттарынан да башың адашат. Алардын иштеген, иштебегени болуп,  сайттардын санын эсептеген өзүнчө  сайтта 1700гө жакын экени көрсөтүлүүдө. Ал сайтка катталбагандары да бар. Эми сайттардын  ичинде аты бар, заты жок, жөн эле катталып койгондору да толтура. Рекламалык, мекемелик, көңүл ачуу ж.б. эске албаганда, маалыматтык сайттардын саны болжол менен 50дөй болсо керек. Арасында АКШдан, Батыш мамлекетеринен олчойгон суммадагы каражат алып, кыргыздын кызыкчылыгын уруп ойнобой, өз билгендей саясат жүргүзүп жаткандары акырында көбөйүп баратат.  Бирок ошол 50 сайттын бир тобу жалкоо сайт. Өздөрүнүн продукциялары жокко эсе, эч нерсе жазбай, башкалардын  жакшы маалыматтарын баса калып көчүрүп, басып, жан баккандар болуп эсептелет. Башкалардын эмгегигин кошо талашып, колдон жула качпай, жок дегенде сайтына берип жаткан продукцияны жарымын өздөрү жаратса гана… Акыркы кезде мына ушундай көрүнүш күчөп баратат. Муну журналисттер гана эмес, коомчулдулук да жакшы байкап турат. Алардын атын бул жерде жазсак, таарынып калышы мүмкүн. Ошо сайт, гезиттердин көбү байларга, саясатчыларга таандык. ЖМКларда сөз эркиндиги каалагандай колдонулуп жатат.

  Дагы бир көрүнүш, журналистикада журналист эместер жана чала журналисттер да көбөйдү. Кыскасы, бул тармакта дагы баш аламандык  өкүм сүрүп турат. Ток этерин айтканда ЖМКдагы ушундай көрүнүштөрдү биринчи кезекте журналисттер жараткан жок, өздүк маалымат каражаттарына ээлик кылгысы келген байлар, саясатчылар жаратты. Эми мындай көрүнүштөн арылуу кыйын болоор. Дагы айтып койчу, нерсе ошол тв, гезит, сайттарды басып алган саясатчылардын көбү таза эмес, былыктары толтура. Алар ошол былыктырын жашырып, өзүн мактатуу үчүн ЖМКга баштарын тыгып, журналисттердин көбүн саясый курал катары пайдаланып жатышканы өкүнүчтүү. Деги эле, ар ким өз билген ишин кылса жакшы эмеспи. Акчанын күчүнө салып, ар кайсы тармакты талкалай беришпей…Башаламандыктын башаты дал ушул эмеспи.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here