Президенттикке талапкер, текирең таскактуу Темир Сариев акыркы айларда Кыргызстандын булуң -бурчун кыдырып, аймактардагы көйгөйлөр менен таанышып, жакындан кабар алып, айрым көйгөйлөрдү жеринде чечип берүүдө. Анын бул аракети премьер-министр болуп турган кезиндеги жигердүү аракеттеринин уландысы катары болуп жаткандай сезилет. Темир мырза, саясат менен экономика  тармагын гана эмес, маданият тармагына да катуу көңүл буруп, маданий ишмерлерибиздин маңдайын жара сүйүнтүп жатат.

Айтсак, аз күн мурун  Кыргыз Улуттук Академиялык Драма театрдын 90 жылдык маарекеси менен куттуктады. Куттуктоо кечесине кыргыз театрынын корифейлери чогулуптур. Айрым атка минерлердей кур эле куттуктап кетип калбай, театр көйгөйүн чечүүгө өз чөнтөгүнөн 100 миң сом берди. Белгилүү болгондой, Сариев өкмөттү жетектеп турганда дагы аталган театр менен улуттук филармониянга 12 млн. сом каражат бөлдүрүп, ага автоунаа алып, жер-жерлерге командировкага чыгууга шарт түзүп берген болчу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here