Бир кезде Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Садыр Жапаров “Бригада” деген атка конушуп, ымалалары аябай ысык эле. Бири-бирине ат мингизип, боз үй тартуулап, көргөн элди суктантышкан. Учурда кечээ көргөн бүгүн жок дегендей, ошондогу ысык мамиле кайда кеткен деген суроо жаралып турган кез. Дегенибиз, достун ким экени “тайгак кечүү тар жолдо, тагдыр тайкы болгондо” билинет экен. Мына Садыр жаза басып жаңылып, башына кыйынчылык түшүп темир тор артына камалып эки көзүн жылтыратып турганда, Ташиев да, Келдибеков да үн катканга жараган жок. Үндөбөгөн үйдөй балээден кутулат болушуп, “өз азабыңды өзүң тарт” дешип тескери бурулушту. Бир сөз менен айтканда Садырды сатып кетишти…

Жапаров жаш балдардын убалына калды

Саруу митинг

Айдан түшүп келе жаткандай социалдык тармак аркылуу добулбас кактырып чуулдатып жаткан Садыр Жапаров 25-мартта Кыргызстанга келип, УКМК тарабынан кармалып, соттун чечими менен №1 СИЗОго эки айга камакка алынды. Садырдын ишенген балдарынын милицияларды таяк, бөтөлкө менен чаап, автобустардын терезесин талкалашып башаламандык жаратууга болгон чагымчылдык максаттары ишке ашкан жок. Жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн карапайым балдарды курал катары колдогон Жапаровдун кесепетинен 64 бала кармалды. Эми алардын үстүнөн да тергөө жүрүп жатат.

Айрымдар  административдик жаза менен кутулушса, кээлерине кылмыш иши козголуп түрмөгө отуруп калышы мүмкүн. Буга дейре Садыр уюштурду деген Саруу айылындагы башаламандыктын айынан карапайым балдар түрмөгө отуруп, Жапаров суудан кургак чыкты эле. Мына ошол көрүнүш дагы кайталанды. Бул жолу Жапаров мант берип кете алган жок. Бирок жаш балдардын убалына калып, өзү түшкөн темир торго далайын сүйрөп кетмей болду.

Жаныштын карааны…

Садыр Жапаровду колдогон митингде Жаныш Бакиевдин жансакчысы да жүргөнү социалдык тармакта кызуу талкууланып жатат. Мындан улам, “Жапаровдун артында Жаныш турат” делип айтылып келген сөздөрдүн чындыгы бар окшойт деген көз караштар өкүм сүрүүдө. Сыягы, “Жапаров Текебаевди Бакиев менен Кипрде жолуктурду” деген сөз да чын окшобойбу. Болбосо Жаныштын жансакчысы Жапаровдун митингинде эмнеге жүрөт? Балким кырдаалга көз салып шефтерине шакылдата отчётун берип турган чыгаар. “Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” демекчи, Бакиевдердин Кыргызстанга башаламандык жаратууга кызыкчылыгы бардыгы билинип калды. Демек, Садыр мырзанын үстүнөн  жакшылап сурак жүргүзсө, Бакиевдер менен дагы кимдердин байланышы бардыгын, алардын максаттары кандай экенин баарын саймедиреп берсе керек…

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here