Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев: «Садыр Жапаровго карата арыз жазган эмесмин, жазайын деген оюм жок, анткени менде барымтага алууну анын уюштурганы боюнча эч кандай далил жок. Ошону менен бирге кандайдыр бир кызык жагдайлардан улам барымтага алууну уюштурууга түздөн-түз же кыйыр катышы барлар Садыр Жапаровдун туугандары, жакын адамдары экенин буга чейин да айтып, жазып келгем, азыр да кайталайм. Бул факт», — деген пикирин фейсбук баракчасына жазды. Муну менен Каптагаев Садырга жан тарткандай оюн айтып, ошол эле кезде мени барымтага алган иштин артында Жапаровдор турган дегенди кыйытып, «ойкут да, кайкыйт ак чардак2 дегендей, коомчулуктун башын айлантууда. Жигит деген ак же көк дейт да кылтыңдабай…

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here