Nokia 3310 соткасын убагында мен-мендеген байлар көтөрүп жүрүшпөдү беле. Ал кирпич деген ат менен белгилүү болгон. Сүйлөшүүдө байланышты жакшы кармап, жерге түшсө да сынбаган бул телефон сатыкта бир топ жыл жок болуп кетип, эми кайрадан сатыкка чыгуу алдында турат. Бирок мурунку кирпичтен кичине айырмаланып ичкерээк жасалып жана салмагы да жеӊилдээрин адистер билдиришүүдө. Дисплейи мурун монохрондуу болсо, эми түстүү болот экен. Андан сырткары мурун көк түстө болсо, мындан ары ар кандай түстө жасалат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here