Кыргызстандагы эң  коррупциялашкан мекемелердин ичине  кирген мамлекеттик архитектура жана курулуш  агенттигине жакында эле иш билги кадр делген Бакытбек Абдиев дайындалган болчу.  Мурунку жетекчи Турдубек Мамбетов агенттиктин ишин кыйла алдыга жылдырып, коррупциядан аздыр-көптүр арылтуунун аракетин көргөнүн коомчулук жакшы билет. Жаңы жетекчи мына ошол башталган ишти улантып, жаңы кадамдар менен иш баштаганы айтылууда. Ал эми биз сөз кылалы деп жаткан Урматбек Кокочаров бүгүн өкмөт башчы Соке Жээнбековдун буйругу менен аталган агенттиктин жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Урматбек мырза,  бул агенттикте көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келаткан, Кыргызстандагы эң кыйын курулушчулардын бири экенин аны жакындан билген кесиптештери айтып келишкенин биз да угуп жүрөбүз. Ал буга чейин Турак-жай жана курулуш департаментин жетектеп, Кыргызстандагы мамлекет тарабынан салынып жаткан соц объектилердин баарына түздөн-түз жооптуу болуп,  бул мекеменин негизги түмөн түйшүгүн көтөрүп келген.  Анын эмгектерин айта берсек, сөз узарып кетет. Биз да көпчүлүк менен бирге Урматбек мырзанын агентиктин оор ишин мындан ары дагы  жаңы жетекчи Бакытбек Абдиев менен бирге көтөрүп, бул тармактагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү, коррупцияны азайтып, реформалык багыттар менен мыкты иш алып барат деген ишеничтебиз. Жетекчинин жаңы орун басарына албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here