Президентке караштуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов менен “Чагылгандын” журналисттери   өзү жетектеген комитетте аткарылып жаткан иштер, өзгөрүүлөр, көйгөйлөр ж.б. тууралуу  маектешти.

 Акылбек мырза, сиз бул комитетти 1 жылдан бери жетектеп жатасыз. Бул мезгилдин ичинде кандай иштерди аткара алдыңыз? Бул тармак сизге тааныш эмес эле да, кыйынчылыктар болсо керек?

Туура айтасыз, чынында мага статистика тармагы буга чейин жакындан тааныш эмес болчу. Бирок өзүм кесибим боюнча экономист болгон соң,  бул тармакты үстүртөн билет элем. Жогорку Кеңеште 5 жыл депутат болдум, ал жактагы жумуш менен бул жумушту такыр салыштырууга болбойт. Бул жерде иш абдан көп жана кызыктуу  деп айтат элем. Бул жерде биринчиден жалпы жамааттын тилин таап, алар менен бирге иштөө керек. Экинчиден, Кыргызстандын, кыймылдаган-кыймылдабаган мүлктөрү ж.б. айтор баары биз аркылуу такталып, биз аркылуу ай сайын элге маалымат берилип турат. Моюнга алыш керек, башында бир аз кыйынчылыктар болду. Акырындык менен баарын үйрөндүк. Кудай буюрса, азыр бир топ пландарыбызды ишке ашырып жатабыз. Биздин жылдык бюджетибиз 215 млн. сом болчу. Жүгүрүп, сүйлөшүп жатып, иштин көлөмүнө жараша дагы  6 млн. сом коштурдук. Ошентип, бюджетибиз 221 млн. сом болуп калды. Мындан тышкары, жалпы ишибизди электрондук вариантка өткөрүү иши акырындык менен ишке ашып жатат. Жаңы-жылдан баштап үч форма-отчётту байкап көрүү иретинде электрондук вариантка өткөрдүк. Буйруса, жакшы. Кагаз каражатты да көбүрөөк талап кылат. Убарасы да көп, убакытты да алат, ката болуп калса, кайра алып келип оңдоо керек.

Ошондой болсо дагы, өзүбүздүн басмаканабызга тиешелүү кагаздарыбызды чыгарып, машиналар менен аймактарга жөнөтүп жатабыз. Мындай убаракерчиликтен жана чыгымдан качып, акырындык менен толук электрондук вариантка өтүүнү тилек кылып жатабыз. Ошондой эле, биздин комитеттин имараты жана региондордогу имараттарыбыз да эскирди, оңдоого муктаж. Бул өзүбүз олтурган башкы имаратты  капиталдык-оңдоодон өткөрүү маселеси да, биз үчүн чоң маселе болуп турат. Имарат өзү 1970-жылдары салынган, ошондон бери бир да жолу оңдолуп-түзөлгөн эмес. Жакында кайрылдык, эсептеп суммасын чыгара турган болушту. Мүмкүнчүлүккө жараша, жыл сайын аз-аздан бөлүп турса, имараттын четинен оңдой берсек жакшы эле болот. Мындан тышкары, кеңселерибизге керектүү эмеректерди да алууга эч кандай акча бөлүнгөн эмес. Бул жагынан өзүбүз ар кандай долбоорлор менен иштеп, аз сумма болсо да, ошого жетишинче эмерек алып жатабыз. Жакында Дүйнөлүк банктын долбоору менен иштеп, жалпысынан 536 компьютер алдык. Буюрса, аймактардагы бөлүмдөрүбүз санына жараша баары компьютер маселеси менен камсыз болуп калды десек болот. Булардан сырткары, аз күн мурун биздин комитет биринчилерден болуп ишти жалпысынан мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча чечим кабыл алдык. Таза суу маселеси боюнча да Мамлекеттик курулуш, архитектура агенттиги менен бирге жаңы форма киргиздик. Мында республикадагы канча айыл таза суу менен камсыз болгон, кайсы айылдар камсыз болбогонун оңой эле билип алса болот. Жакында бул тууралуу толук отчёт чыгат, ошондо жалпы маалымат берсек болот.

Дагы бир ушул сыяктуу ишти айта кетсек болот. Ал токой чарбасы боюнча жасалып жаткан иш. Бул тармак боюнча атайы, өзүнчө форма түзүп чыгып, чоң иштерди баштадык. Буга чейин, жөн гана сыртынан айтылып келген болсо, эми бул багытта  баарын талдап, тыкыр иликтеп, тактап, бардык маалыматты топтойбуз. Макулдашуу болду, буюрса, бул багыттан да жакшы жылыштар болот деген ишеничтемин. Жалпы так маалымат чыгып калса, Кудай буйруса, ИДПбызга дагы 2-3 пайыз кошулуп  калышы мүмкүн. Себеби, бул тармактагы кирешелер эсептелбей келген да.

Кызматкерлер жетиштүүбү жана кадр маселеси жолго коюлганбы?

-Бул жагынан жакшы эле. Жалпысынан 848 адам иштечү, жакында 12 адам коштук. Себеби, ЕАЭБге кошулгандан кийин 12 адам чек арада экспорт-импортту (кирген-чыккан жүктүн баарын эсептешет) көзөмөлдөп иштеп жатышат. Мурун 5 гана адам күндүзү эле иштечү. Азыр күнү-түнү иштеп жатышат. Мунун жыйынтыгы да абдан жакшы болуп жатат. Анткени, жүктүн көбү күндүз эмес, түнкүсүн өтөт экен да. Мисалы, мурун 300  машина жүк өтүп келсе, азыр акыркы айларда ал 2 эсеге көбөйүп, жүк ташыган машиналардын саны 900гө жетип жатат.

Ал эми кадр маселеси жакшы эле. Неге дегенде, бизде 30-40 жылдан бери иштеген тажрыйбалуу адистерибиз бар. Алар кийинки жаш адистерге үйрөтүп, айтор бул жагы бир нук менен кетүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here