Аз убакыт мурун экс –депутат, “Ата Мекенчи”, залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун баласы Райкан Төлөгөновду УКМК кылтакка илгени белгилүү болду. Ага «талап-тоноо уюштуруу», «атайылап мүлктү жок кылуу жана зыян келтирүү», «куралдарды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз алуу, сактоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө УКМКнын тергөө абагына камакка алына турганы УКМК ЖМКларга жар салды. Төлөгөнов ЖКнын 5-чакырылышында депутат болгон. Ал 2010-жылы 7-апрель окуясында жүз берген талап-тоноочулукка мурун эле шектелип келаткан жана ага көрсөтмө бере турган күбөлөр бар экендиги да айтылууда. Төлөгөнов сыяктуу эле бул кылмыш ишине шектелгендердин бири экс-депутат, “ата мекенчи” Турат Мадылбеков жана анын баласы жакын арада кийинки кезек аларга жетип калышы толук мүмкүн. Турат мырза, учурда бир орунда тура албай, жаман болуп жатса керек.  Эми Төлөгөновду абактагы Текебаевге каршы көрсөтмө бердирүү саясаты да болушу ыктымал. Ал жагын убакыт көрсөтөт деңизчи…Бирок Атамбаев кетерине аз калганда 7 жылдан бери айтылып, ызы-чуу болуп келаткан  бул чуулганду ишти жандантып жатканы кызык.  Негизи “Ата Мекенге” согуш ача электе деле, катуу баштап, эчак иликтеп койсо жакшы болмок. Эми деле аракет кыла берсин, себеби 7-апрелдеги талап-тоноо иши бир гана “Ата Мекенден” эмес, башка абройлуу партиялардан да чыгып калышы толук мүмкүн. Бирок тергөө, иликтөө калыс, өтө адилеттүү жүрсө… Бир тараптуу болсо, балекеттинби?!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here