“Ата Мекен” партиясынын катчылыгы бүгүн аталган партиянын юристтери УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин жана президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөновдун үстүнөн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылышканын калкка кабарлашты. Буга жооп кылып Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов өзүнүн соцбаракчасына:
— “Атамекенчи” депутаттардын мындай аракетин – долулук катары карасак болот. Алар сотко кайрылып, кезектеги заарын чачып жатышат. Текебаевдин юристтери үчүн бул жүрүш жаңылык деле эмес да. Укук коргоо органдары “ата мекенчи” депутаттардын катышы бар кылмыш иштерин ача баштады, бул, албетте, алардын активдешүүсүн шарттайт. Жакынкы аралыкта коомчулук алардын буга чейинки кызыктары тууралуу билет, булардын корккону ошол, -деп жазды. Арызды депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова бирге жазганы менен, экөө моралдык доо өндүрүүдөн баш тартышса, абактагы Текебаев моралдык зыяндын өлчөмүн 60 миллион сомго баалаганы айтылууда. Бул доо “Белиз” чатагына байланыштуу экенин эске сала кетели.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here