Кечээ президент Алмазбек Атамбаев бир катар айылдык жана шаардык кеңештерге шайлоо күнүн белгиледи. Указда көрсөтүлгөндөй ушул жылдын 28-майында шайлоо өткөрүлмөкчү. Ошондой эле өкмөткө керектүү каражат бөлүп берүүсүн, коопсуздук тартип маселелерин камсыздап берүү, БШКга болсо эч кандай мыйзам бузууларга жол бербей мыйзам чегинде өткөрүүсүн талап кылды. Төмөндө кайсыл жерде шайлоо боло тургандыгын келтиребиз: Совет айылдык кеңеши, Кадамжай району, Баткен облусу, Кара-Жыгач айылдык кеңеши, Аксы району, Кок-Жангак шаардык кеңеши, Кызыл-Туу айылдык кеңеши Сузак району Жалал-Абад облусу, Бөрү-Баш айылдык кеңеши Ак-Суу району, Кызыл-Суу айылдык кеңеши Жети-Өгүз району, Бостери, Кара-Ой айылдык кеңештери Ысык-Көл району, Улахол айылдык кеңеши Тоң району Ысык-Көл облусу, С.Юсупов айылдык кеңеши Араван району, Кара-Кулжа айылдык кеңеши Кара-Кулжа району, Ак-Таш, Жоош айылдык кеңештери Кара-Суу району, Ноокат шаардык кеңеши Ноокат району Ош облусу, Таш-Мойнок айылдык кеңеши Аламедин району, Полтавка, Красновосточный айылдык кеңештери Жайыл району, Кок-Ойрок айылдык кеңеши Кемин району, Александровка айылдык кеңеши Москва району, Орок, Новопавловка айылдык кеңештери Сокулук району Чүй облусу.

Булак: Фабула

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here