Жолугушууда КТРК башчысы өлкөнүн башкы телеканалынын коомдук берүү принциптерине ылайык өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Анда санариптик берүүгө өтүү мезгилинде контенттин сапатын жакшыртуу жана техникалык модернизацияга өткөрүү белгиленген. Карыпбеков телеканалдын менеджменти аркылуу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен КТРКны өнүктүрүү ишке ашып жатканын кошумчалады.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун автоунаасы 1-марттын түнүндө Бишкектеги түштүк магистралда бара жатып, кырсыкка кабылган. Оор абалда ооруканага жеткирилип, чукул операция жасалган.

25-мартта дарыгерлер Карыпбековду ооруканадан үйгө чыгарган.

Булак: «Азаттык»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here