Ош шаарынын мэри болуп турганда “Ош меники” деп менчигиндей, же атасынан калган мурастай дөөгүрсүп, эч кимди көзүнө илбей калган Мелис Мырзакматов учурда эл аралык издөө жарыяланып чет өлкөдө баш калкалап жүрөт. Керт башынын мүдөөсүн көздөп куйрук түйүп кеткен эргул Садыр Жапаров камалгандан кийин чет өлкөдө жатып алып интернет аркылуу “мен коррупционерлер менен күрөшүп жатам, адилет сот болсо Кыргызстанга барып актыгымды далилдейм” деген өңдүү баш-аягы байланышпаган билдирүү таратты.

Садыр мырза камалаардан мурда мигранттар менен жолукканда Мелис Мырзакматов менен жолугушканын айткан жайы бар эле. Сыягы, Жапаров Бишкекте, Мелис Ошто ызы-чуу жаратууга кызыкдар болгон, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн көрүнөт. Анан Садырдын шоусу ишке ашпай калгандан кийин,  кезек өзүнө жеткенин туюп,  чээнге кирип кеткендей кара башын калкалап дымып жаткан жаны алдастап үн катты. Эгер өзү айткандай актыгына ишенсе Садырдай шоу кылбай келип, сот аркылуу күнөөсүз экенин далилдесин.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here