“Кыздуу үйдө кыякчы, кымыздуу үйдө аякчы” дегендей Турсунбек Акун карыса да митинг-пикеттен чарчабаган да, тажабаган да неме экен. Кайсы жерде нааразычылык болсо ошол жерден төбөсү сорок дейт. Нааразы болгондордун талабы жөндүүбү, же чындыкка коошпойбу талдап, саресеп салмай жок. Иши кылса чуу чыккан жерге барып, бийлигин да, нааразы болгон тарабын дагы “силердики туура эмес” дегендей пикирин айтып, бир кыйкырып албаса эс албайт. Жалаң митинг деп жүрүп чачы агарды. Эми карыганда үйүндө ысык чайын ичип тынч жатса өзүнө эле пайдалуу болмок. Бирок Турсунбек мырзада андай ой жок… Сокурдун тилегени эки көз болгондой, Турсунбек Акундуку митинг болуп калды окшойт… Сыягы, милицияларга эки колтугунан дыркыратып сүйрөткөндү сүйөт көрүнөт?..

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here