Индиянын ЖМКсы  бизнесмен Мухаммед Рафик деген индиялык адамды  экс-президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болуп, бир нече убакыт бою Кыргызстандын эркин экономикалык аймагын жетектегени тууралуу маалымат  таратышты.  Ошондой эле, бул тууралуу  Араб Эмираттарынын бир катар  ЖМКлары да жазып чыгышыптыр.  Ал макала: «Индиялык бизнесмен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн жетектегендердин катарын толуктады» деген аталышта жарык көрүптүр. ЖМКдагы маалыматтарга караганда, наам 31-декабрь күнү Бишкекте расмий түрдө тапшырылыптыр.  Бирок, бул маалымат Кыргызстандын Бириккен Араб эмирлигиндеги дипломатиялык өкүлчүлүгү тарабынан жокко чыгарылганы маалым болду.

Кыргызстандын элчиси Чыңгыз Эшимбеков жергиликтүү гезитке кайрылып, ири резонанс жараткан жаңылыкты оңдоп чыгарууну талап кылган. «Такталган маалымат боюнча Шейх Мухаммед Рафик биздин өлкөдө эч кандай аскердик наам алган эмес. Khaleej Times басылмасынын кабарчысы такталбаган булактарга таянып, жаңылыкты текшерип чыккан эмес шекилдүү», — деп айтылат элчинин расмий кайрылуусунда. «Мага наамды коргоо министри өзү тапшырды. Билишимче, Коргоо жана Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда өз ара пикир келишпестик өкүм сүрөт. Элчиликтин кайрылуусуна мына ушул түшүнбөстүк себеп болуп жатат. Маселе жакынкы аралыкта чечилет», — деди индиялык магнат. Ал эми Кыргызстандын Генералдык штабынын маалымат кызматынын жетекчиси Майрамбек Мусиев «генерал-майор» деген офицерлик жогорку наам бир дагы чет элдик жаранга ыйгарылбаганын билдирди. «Мындан тышкары, мыйзам боюнча расмий кызматтагылардын чет элдиктерге аскердик наам берүү укугу жок», — деди ал. ЖМКлардагы маалыматка караганда Мухаммед Рафик өз кезегинде Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болуп иштеп, 2005-2008 жылдары Эркин экономикалык аймакты жетектеген. Ал эми учурда Сауд Аравиясындагы Gammon Group курулуш компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы. Ишкананын Иран, Араб Эмирлигинде жана Европа мамлекеттеринде филиалдары бар.
Була тууралуу “Спутник кж” сайты жазып чыкты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here