Санкт-Петербург шаарында 25-мартта кыргыз-орус парламент аралык жолугушуу болуп, СДПК фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина: «Мени Кыргызстанда шовинист. Кремлдин шпиону деп куугунтуктап жатышат. Мени 120 депутаттын бирөөсү да колдобойт”, — деп даттанып, арыз-муңун төгүп, кыргыз элин жаманатты кылганы коомчулукта кызуу талкууланууда. Минтип кыргыз суусун ичип, нанын жеп жатып, кыргыз элине нааразы болуп, тузуна сийген Карумушкинанын бет тырмаганына чыдабаган Каныбек Иманалиев: «Бул жер сиздин жеке конфликти талкуулай турган жер эмес, биз кыргыз-орус парламент аралык маселелерин караганы келдик» деп оозун жап кылыптыр. Аны Кыргызстандык жана Россиялык депутаттар да колдоого алып, Иринага “ит үргөнчөлүк” маани беришпептир…

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here