Талас облусунун Бакай –Ата районунун жашоочусу 2014-жылы өзүнүн 7-класста окуган жакын тууганы Ж. А.ны үйдө чоң атасы, чоң апасы жана өз атасы жоктугунан пайдаланып, күч колдонуп зордуктап салган. Анан: “Зордуктады деп айтсаң, силер суу алган сууга уу куюп коём, чоң атаң өлөт же, майып болот”- деп коркуткан. Бирок бул окуя көп өтпөй ачыкка чыгып кылмыш козголуп, иш сотко өткөн.

Сот акелер зордукчу жигитке боору ооруп, 1,5 жылга жеңил түрдө кесип коюшкан. Кыязы, жең ичинде сүйлөшүүлөр болсо керек. Бүгүн бул иш облустук сотто каралып, Эрланды 22 жылга кесүү боюнча өкүм чыкканы маалым болду. Бул «аңги» жогорку билимдүү жана аялы, жаш балдары бар. Мугалимдик кесипти аркалачу экен.
Ал бир нече жыл мурун мектепти бүткөндөрүнө 10 жыл болгон классташтары менен бирге Бакай-Атадагы начар жашоодо жашаган, 7 баласы бар аялга там салып берген жигиттердин бири экен.