Акыркы кездери “өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрүп” бийликти жарашса, жарашпаса деле ыксыз шыбап, кескин сынга алып келе жаткан Равшан Жээнбековдун кылыгы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жинине катуу тийген окшойт: “Кыргыздарды жаңыдан эгемендүү болуп, алсырап жаткан өлкөбүздү Акаев менен кошо тоногон Равшан Жээнбеков коргойт бекен. Сасык саясатчыларга дагы ишенесиңерби? Мындайлар менен абийирдүү адам бир столго отурмак түгүл, алысыраак басып кетет. Теңелбейин деп, ичинен башын чайкап тим болот. Бул маңкурттар “ичинен башын чайкап” дегенди да “покачал головой в животе” деп бизди айтты деп сотко берет эми мени”, — деп тарс жарылды. Муну менен президент Равшан мырзанын Мүлк фондун башарып турганда 350дөн ашык мамлекеттик мүлктү мүлжүп, өзүнө бир катар ишкана, мекемелерди менчикке чыгарып (Асыл-Таш пансионаты мисал) тоногонун  эске салды көрүнөт.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here