Ошто Таирбек Уларовду өлтүргөн 1972 –жылы Талас районунун Бакай –Ата районунда туулган Д.Ш. экени маалым болду. Ага мурун да кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган. Анын айтымына караганда Таирбек Уларов аялы иштеткен дүкөнгө келип, көп соода кылып турган. 21-мартта Таирбек Д.Ш.нын аялына чалып, карызды берүүгө башка жерге чакырган. Аялынан шек санаган, ошол күнү ичип алган күйөөсү 20 мүнөттөн кийин артынан барып, экөөнүн сүйлөшүп турганын көрүп, Уларов менен уруша кеткен. Подполковник аны эркекче мушташка чакырып, башка жакка барышат. Бири биринин намысына тийип, сөгүшүп башташат. Ага жинденген Д. Ш.  Уларовду колундагы таяк менен (мурун бутун сындырып алгандыгына байланыштуу, таяк менен жүргөн) башка чапканда, ал башын кармап олтуруп калат. Дароо жерден учту таш алып, башка бир нече жолу чабат, жерге жатып калган Уларов кан жалап, сөгүнгөнүн токтотпойт. Д.Ш. аны сүйрөп, машинесине олтургузуп, эч кандай жардам көргөзбөй, ачкычын алып, кетип калган. Кан болгон ачкычты каналга ыргытып жиберген. Азырчына тергөөдө Уларов менен Д.Ш.нын ортосунда кандай мамиле, же жакындык болгону ачыкка чыга элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here