Мындан 17 жыл мурун Кытайда 7-8 баллдык жер титирөө катталып, шахта урап, оозу толугу менен жабылып калган. Анын ичинде 118 адам болгон. Жакында эле, шахтёрлар ал шахтанын оозун ачышканда, кулак угуп, көз көрбөгөн окуяга туш болушкан. Ал шахтанын ичинен 59 жаштагы Чунг Ваи аттуу шахтёрду кокустан тирүү таап алышты. Чунг ушунча 17 жылдан бери шахтанын ичинде жалгыз жашаган. Калган 117 шахтёрдун баары шейит кетишкен. Анын тирүү калышына ава киргизип турган жалгыз кичинекей тешик  жана азык-түлүктүн чоң көлөмдөгү запасы болгон. Андан тышкары, ал чычкан, тамыр, чөп –чар жегенге да аргасыз болгон.  Чунгдун абалы өтө оор болуп, таптакыр шайы кетип калгандыктан, жакынкы ооруканага жеткиришкен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here