Бүгүн, 26-мартта эртең мененки саат 07:00 чамасында Ничке-Суу айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү түшүп, бир үйдү басып калган. Анын ичинде бир үй-бүлө, жубайлар төрт баласы менен болгон деген божомол бар.

Кырсык болгон жерге ӨКМ адистери, жергиликтүү жетекчилер жөнөп кетишти.

Өзгөн районунун Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү басып калган үйдүн жашоочуларын чыгаруу үчүн адистер жете элек.  Бүгүн эртең менен түшкөн көчкүнүн узундугу болжол менен 800 метр, бийиктиги 4-15 метрди түзгөн, жер 500 метр аралыкка чейин сүрүлүп түшүп, Өмүрбек Эгемкуловдун үйүн басып калган. Анын ичинде алты адам болгон деген божомол бар.

Айылда жер көчкү коркунучу дале сакталууда. Көчкү түшкөн адырдын арткы бетинде да бир турак жай бар. Азыркы учурда ошол үйдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү аракеттери башталды.

ӨКМнин маалыматына караганда, куткаруучулар жана тиешелүү жетекчилер көчкү болгон аймакка баратышат. Өзгөн менен Топ-Жаңгактын алыстыгы 31 чакырым. Анын беш чакырымына автоунаа баралбайт.

Өзгөн районунун Ничке-Сай айылындагы Топ-Жаңгак участкасында көчкү алдында калгандардын тизмеси жарыяланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей,алдын ала маалымат боюнча алар бир үй-бүлө мүчөлөрү:

1. Эгемкулов Өмүрзак Амиракулович, 1988-жылы туулган (үй ээси);
2. Сулайманова Гүлайым, 1989- жылы туулган (аялы);
3. Амиракулова Аксана, 2010- жылы туулган (кызы);
4. Амиракулова Айгерим, 2011- жылы туулган (кызы);
5. Амиракулов Жыргал, 2013 — жылы туулган (уулу);
6. Амиракулова Раяна, 2015- жылы туулган (кызы).

Көчкүдө калган жарандардын аты-жөнү өзгөрүшү мүмкүн. Аймакка куткаруучулар, адистер барышкан. Министр Кубатбек Боронов да Өзгөнгө жөнөп кетти. Ылай болгондуктан куткаруу иш-чаралары баштала элек.

Өзгөн менен Топ-Жаңгактын алыстыгы 31 чакырым. Анын беш чакырымына автоунаа баралбайт.

Булак Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here