“Фейсбуктун” “баатыры” Садыр Жапаровдун чет өлкөдөгү мигранттарды чогултуп алып 25-мартта Кыргызстанга барып митинг-пикет өткөрүүгө үндөгөн видеосу интернетте тарап, коомчулукта бийликти басып алуу ниети барбы деген бүшүркөө жаралган. “Кыз боозуп энесин коркутат” болуп, эми ошол жоругун маалымат каражаттары бурмалап жатышат, менин бийликти басып алуу ниетим жок деп актанып чыкты. Башкы прокуратура 2012-жылы Максим Бакиевдин мүлкүн менчиктештирип алып, кайра сатып жиберген көз боёмоочулук алдамчылыгы үчүн кылмыш ишин козгогондо ошол кездеги парламент сактап калган эле. Анан Жапаров 2013-жылы Кыргызстандан чыга качкан. Жапаровго карата кылмыш иши кайрадан жандандырылган кезде ал өлкөдө жок болгон.

Беш жыл бою чет өлкөдө кара башын калкалап жүрүп, эми айдан түшүп келе жаткансып “Мага суроолору бар болсо беш жылдан бери эшек такалап жүрүштүбү?” — деп укук коргоо органдардын бетин тырмоодо. УКМК болсо Жапаровго орчундуу суроолору бардыгын какшап жатат. Анан куйругунда калбырынан коркуп, Кыргызстанга келсем камап коюшпасын деп алдын ала митинг-пикет уюштуруп, элдин этегине башын каткысы келүүдө.

Булак: «Фабула»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here