Эки күн мурун социалдык тармактар менен айрым маалымат булактарында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди мандатынан ажыратуу маселесин КСДПнын саясий кеңеши чукул жыйынга чогулуп чечкени жатыптыр деген чуу чыкты. Жанар мырза коркконго кош көрүнөт болуп: «Мени “Форумга” чакырышты. Эмнеге экенин билбейм. Бирок мен мандатымды тапшырбайм. Аны эл чечет», — деп алдын ала өң-алеттен кетти. Депутат болгонго чейин “Депутаттарды көрүп депутат болгум келбей калды” — деп саймедиреген жайы бар эле. Көрсө калп эле “мышык майга жетпей сасык дептир” болуп жүргөн тура. Качан Атамбаевдин аркасы менен депутат болуп келгенден кийин “мандат ысык” көрүнүп калганын кара.

Ырас, Жанар парламентте кез-кези менен чындык айтып жатат. Бул колдоого арзыйт. Бирок “ичкен кудугуңа түкүрбө” дегенди эске алган жок… “Бир жолу туз даамын таткан жерге, миң жолу салам бер” деген накыл кеп бекер айтылбаса керек… Андыктан көз карашы, жан дүйнөсү КСДПнын саясатына туура келбесе, “ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын” болбой, “мегиле мандатыңарды” деп ыргытып жиберип, анан каалагандай оюн, ар түрдүү формада жара сала берсе жарашмак… “Сырты жылтырак ичи калтырак” демекчи, образдуу айтканда Жанардын кылыгы “эримден кетип эле калайын дейм, бирок кызыгын кыя албай жатпаймынбы” деген аялдын жоругундай болуп жатпайбы?…

Булак: «Фабула»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here