Садыр Жапаров бир, эки жума мурун бүгүн 25 — мартта саат 12де кыргыз-казак чек арасынан өтүп, Кыргызстанга келерин жар салган эле. Ал ошондой эле Горький паркында митинг кыларын, УКМКга барып суролорго жооп берерин да кошумчалаган. Ушу тапта Жапаровду күтүп алууга аталган паркта жана чек арада адамдар чогулууда. Чек арадагы адамдардын саны 300гө чейин жеткендиги айтылса, паркта 100дөй адам чогулганы маалым болду. Бирок алардын арасында жөнөкөй кийинип алып жүрүшкөн чекситтерди, көчөдө өтүп баратып кызык үчүн карап калгандарды, жана кырдаалга көз салып турушкан ондогон милициялар да бар экенин эске алуу зарыл. Акыркы маалымат боюнча чек арадан Садыр Жапаровду УКМК кызматкерлери унаага салып алып кетишкени белгилүү болду.

https://www.youtube.com/watch?v=9uwqosrep_o

https://www.youtube.com/watch?v=YQl8t9RushQ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here