Садыр Жапаровду колдоп чыккандардын баарына болбосо да, айрымдарынабы, же бир тобуна айтор ыраазычылык үчүн уюштуруучулар миң сомдон таратып жатыптыр деген кеп айтылууда. Бул маалымат азырынча  кашкайган  далилдер менен тастыктала элек. Бирок кыргыз качан эле жумушун таштап коюп, мындай митингдерге, болгондо да өз акчасына кыргыз-казак чек арасына чейин барчу эле? Демек, бул айтылган сөздө чындыктын үлүшү болуш мүмкүн. Баса, өткөндө Текебаевди колдоп митингге чыккандарга деле тамак таратылганын көрдүк го. Анан элестете бериңиз, Текебаев ким да, анын жанында Жапаров ким? Экөөнү салыштырып болбойт. Садырдын саясаттагы оорду Чиркешовичтикине салыштырганда шоона эшпей калат.  Кыскасы, мындай маалыматты УКМК такташы керек. Анын үстүнө митинг ырчылардын ырдоосу менен башталды. Алар бекер ырдап жинди болду беле? Айтор, митингди каржылоо маселесинде бир мандем бар окшобойбу…

https://www.youtube.com/watch?v=MopdE6GWPlE

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here