Канкор, качкын Бакиевдин өзгөчө сүйгөн «өлкөсүндө», тагырагы анын борбору  Минскиде “Жаз” деп аталган белгилүү укук коргоочу уюмдун кеңсесинде жүргүзүлгөн рейдде ондогон адамдардын кармалышы менен коштолгону маалым болду. Полиция 57 адамды, анын ичинде чет элдик байкоочуларды да кармап кеткен.

Беларус желегин көтөргөн жүздөгөн митингчилер өкмөткө ураандар менен өлкөнүн башка шаарларында, анын ичинде Брестте, Гомелде, Витсебскиде да чогулушкан. Бул өлкөдө Эркиндик күнү активисттер тарабынан 1918-жылы бир жылдан аз убакытка өкүм сүргөн Беларус эл республикасынын түзүлгөн күндү эске салуу катары белгиленет. Бул өлкөдө акыркы учурларда  күндөрү өлкө боюнча оппозициянын 300дөй жактоочусу жана активисти кармалган.

“Жаз” бейөкмөт уюмунун эсебинде, “бекерпоздор салыгына” каршы чыккан 130тай активист 15 суткага чейин абакка кесилгендиги айтылууда.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here