Буга чейин бүгүнкү митингдин активдүү катышуучусу Турсунбек Акун «Азаттыкка» митингде кармалгандардын жалпы саны 150гө чейин деп билдирген эле. Бирок анын маалыматы туура эмес болуп чыкты. Ушу тапты ИИМдин биринчи орун басары Алмаз Орозалиев менен Бишкек ШИИББнин башчысы Самат Курманкуловдар журанлисттерге маалымат жыйынын курушуп, кармалган адамдар 68 экенин айтышты. Алардын  баарына: Кылмыш-жаза кодексинин «бейбаштык», «милиция кызматкерлерине кол көтөрүү», «мүлккө чыгым келтирүү» беренелерине ылайык кылмыш иши козголгону маалым болду. Митинчилердин баш коргоо чарасы тергөөдөн кийин аныкталат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here