Жапаров УКМК тарабынан  камакка алынып, анын жактоочулары ушу тапта митинг өтөкөрүшүүдө. Анын 2013-жылы 7-октябрда болгон митинг учурунда өкмөттүн ошол убактагы Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмил Каптагаевди күч менен машинага салганы тергөөдө белгилүү болгон. Ал мындай  аракети менен ал адамды барымтага алган деп эсептелет.  Ага: кишини өлтүрөм деп коркутуу, барымтага алуу, бейбашчылык, бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Азырынча Эмил Каптагаев бул маселе боюнча үн ката элек. Кыязы, ал ичинен кыпыңдап жатса керек. Себеби, Жапаров экөө башынан каны кошулбас, «жапжакын достордон» эмеспи. Бирин-бири коррупция боюнча да күнөөлөшүп келишкен. Төмөндө бүгүнкү митингден тартылган сүрөттөр:

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here