Калайык калкыбыздын тиш оорусун көзөмөлгө алып, кылдат текшерип, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп, дарылоо, тиш салуу, жулуу, майда хирургиялык операцияларды ийгиликтүү жасап жаткан Бишкек шаарындагы № 6  тиш дарылоочу эмкана. Эмканада рентген, физиотерапиялык бөлмөлөр, ооз көңдөйүнүн амбулаториялык операция жасоочу, акы төлөп тиш дарылоочу, тиш салуучу жана балдардын бөлүмдөрүндө тажрыйбалуу дарыгерлер эмгектенет. Алардын бири Таалайбек Иманалиев, аталган тиш дарылоо борборунун стоматолог-ортопед, дарыгери менен маектештик.

Адамдын суйкайган сулуулугу, келишимдүү өң-келбети, куч-кубаты, ден соолугу бардыгы келип тишке байланыштуу болот эмеспи. Акактай тизилген тиштерди калыбына келтирип, тиштерди салууда бай тажрыйба топтогон эмканада 1996-жылдан бери эмгектенген жогорку билимдүү Таалайбек Токтомамбетович Иманалиевге тиш маселеси боюнча кары-жашы дебей көп кайрылат экен. Таалайбек мырза тумтак эле жарабай калган тишти жулуп, дарылатып кайрылган оорулуунун каалаган тишин салып бергенден сырткары, өзүнүн астейдил карапайым, жумшак мамилеси менен кошо иш алып барганы үчүн ага кезекке туруп, тиш көйгөйүнөн кутулат тура. Ага тиш оорунун түрлөрү, айыктыруу жолдору, тишти таза сактоо боюнча суроо узаттык.

— Тиш оорусунун көпчүлүгү тиштеги кара так болуп оюлуп кеткен – кариес. Илгертеден бери кариес адамзатынын олуттуу душманы болуп келген. Ал баш мээни кошо лукулдатып оорутат. Азыркы заманбаптын стоматологияда кариестин алдын алуунун, аны оорутпай дарылоонун бир нече түрү бар. Кариестин алдын алуунун эң жакшы ыкмасы тишти туура, өз убагында тазалап туруу керек. Кариестен башка тиштин бүлөөсүнүн оорусу гингивит деген бар. Бул эртең менен тишти тазалап жатканда, түкүргөндө кан кошо чыгат. Кээ бир адамдар стоматологго барбай, тишимди жуусам канайт деп коюп жүрө беришет. Андан пародонтит деген оору башталат. Ал тиш менен бүйлөнүн ортосунда микробдор толуп, тишти бүйлөдөн ажыратып таштайт. Өз убагында дарыланбай койсо тишти кармаган бүйлө менен тиштин оорусу күчөп, жаак сорулуп кетет. Тиш кыймылдап пародонтоз деген ооруга айланып, түшө баштайт.

— Тишти канткенде таза сактап жүрөбүз жана тишти дарылоодо кандай ыкмалар колдонулууда?

—  Тишти ар дайым таза кармоо керек. Ар бир адам тишимди оорутпайм десе тиш дарыгерлери менен байланышып, көрүнүп турушу зарыл. Тишти жууйт десе жарым саат бою жышый берген да болбойт. Нормасынан ашыкча щеткалай бергенде тиштин бузулушуна алып келет. Тиш жууган щетканы, пастаны туура тандап, кариеске каршы кошулмасы бар пасталардын бооруна жазылганын окуп пайдаланып жүрсөңөр тиштериңердин таза сакталышы камсыз болот, демек ден соолуктун да мыкты болоору шексиз.

—  Учурда тиш салууда кандай материалдар колдонулат жана алардын сапаттары жөнүндө айтып берсеңиз?

—  Тиш салуучу бөлүмдө темир, күмүш, палладий аралашмасы, пластмасса, алтын, металл-керамика, металл-пластмасса материалдары колдонулат. Кариестен арылуунун эң эле жайылтылган жолу – тишти пломбалоо.Көп колдонулганы – фотопломба, химиялык пломбалар. Бүгүнкү күндө башка жасалма тиштерге караганда сапаттуу, ыңгайлуусу металлокерамика. Анын өңү кадимки табигый тиштерге окшош болот. Мындан сырткары алтындан жана металлопластмасса бар. Аны темирден жасап, сыртынан пластмасса менен бекитилет. Орсок, кыйшык тиштерди атайын даярдалган брикеттер менен тегиздешет. Тиштин ички жагына же тышкы жагына металлдан, платинадан, сапфирден жасалган брикеттерди кийгизип, стоматолог аны улам өзгөртүп жабыштырып турат.

«Жумшактан ич оору, катуудан тиш оору» дегендей, отуз эки тишиңдин бири зыркырап, үнүң үзүл-кесил чыгып, сай-сөөгүң  сыздап турса, эмгекчил сапаттары менен калк кадырлоосуна татып келаткан Таалайбек өңдүү тиш дарыгерлерине кайрыласың, алар тиш ооруңду басып, андан сырткары  берметтей тизилген тиштерди жасап берип,  жагымдуу маанай тартуулайт.

Булак: «Фабула»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here