УКМК алдында Жапаровду коргоо митингинде милиция менен эл тирешти. Митингчилердин (саны миңге чукул экени айтылууда) арасынан биричилерден болуп баш аламандыкты Жапаровдун бажасы баштаганы айтылууда. Муну тасмадан деле көрсө болот. Алар алгач тосмону алып ыргытып, айрым милиция кызматкерлерин сабап жиберишти. Милиция катышуучуларды, анын ичинде укук коргоочу Турсунбек Акунду кармап кетти. Негизи Акун акскалдык кылып, УКМК коргоого алынган, режимдик мекеме экенин, митингди Ак -Үй алдында өткөрүүгө чакырганы менен, аны эч ким укпай койду.  Нааразы тарап милицияны таш менен ургулашты.

УКМКнын алдында милиция, спецназдын саны көбөйүп, элди тартуу менен алек. Учурда эл тарап жатат.

https://www.youtube.com/watch?v=FzojMFIW6j0

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here