Ракета, пушка, бомбалардын ордуна лазердик курал колдонула баштайт. Мындай оюн Сергей Коротков айтты. Андай куралды АКШ колдоно баштады. Lockheed Martin аттуу АКШнын куурал жасаган компаниясы эми лазердик куралды алып чыкты.

Кубаттуулугу 60 кВт азыркы күндө эӊ мыкты курал болууда. Лазер генератор менен иштейт. Ошону менен катар энергияны аз сарптайт. Багытты жоготпой, өтө ыкчам аракет көрүүдө лазердик курал абдан мобилдүү дешет эксперттер.

Лазердик курал менен пилоту жок унааларды, каршылаштын самолет жана вертолетун оңой атып түшүрүүгө болот дешет. Лазердик куралду унаага, самолетко, кайыкка орнотууга болот. Лазердин нуру 1 киллометрге чейин жетет.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here