Тажикстандагы оппозициянын маалыматына ылайык, Кытайга болгон карызы үчүн тажик өкмөтү жүздөгөн гектар жерин Кытайга берип жибергенин орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Кытайга берилди делинген жерлер Мургаб районунун Тоолуу-Бадахшан жерлери экени белгилүү болду. Бул жерлерди негизинен кыргыздар жердешээри айтылып келет. Убагында биздин шалаакы жетекчиликтин кесепетинен Тажикстанга өтүп кеткени тууралуу эскерүүлөр арбын. Эми бул жер Кытайдын карамагына өтүп жатканы кызуу талкууланууда. Кыргызстан акыркы жылдары Кытайдан ченебей карыз алып жатат. Эгер төлөй албасак, баланча жериңерди алабыз дешсе кантип туруштук беребиз… Демек “сактыкка кордук жок” дегендей, Тажикстандын тагдыры башыбызга түшпөсүн десек, абайлап иш кылбасак арты кыйын болуп калышы мүмкүн.

Булак: Фабула

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here