Кечээ күнү Нооруз майрамынан бери изделип жаткан 1973-жылы туулган милициянын полковниги Таирбек Уларовдун сөөгү кечээ түштөн кийин Оштон анча алыс эмес, каналдын жээгинен табылды. Ал киши колду болуп өлтүрүлгөн. Аны Оор темир менен талуу жерге чабышкан. Полковник Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкери  экен. Полковник намына жеткенине караганда жөнөкөй кызматкер эмес, жооптуу кызматта болсо керек. Кыязы, анын өлүмү дал ушул баңгизат маселесине байланыштуу болушу мүмкүн. Азырынча ИИМ бул тууралуу толук маалымат бере элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here