Саламаттыкты  сактоо министри Талант Баатыралиев эне-баланын өлүмү, жаңы салынып жаткан ооруканалар жана өзүнүн кызмат абалы  ж.б. маселелер боюнча «Чагылганга» өз оюн билдирди.

 Талантбек мырза, айтсаңыз. Сиз жаңы министр болгондо, сизге элдин үмүтү абдан чоң болгон. Андан бери 2 жылдан ашты. Бир топ иштерди жасап жатасыз, бир катар жаңы ооруканаларды салууга чоң аракеттерди кылып жатасыз, бирок ошого карабастан, депутаттар сизди сындап, айрым активисттер митинг уюштуруп жатышпайбы. Сиз өзүңүз пландаган иштердин канчасын, кандай деңгээлде аткарып жатасыз?

-Мен дагы, түз эле айтайын. Биз туура жолдобуз. Медицина – бул айыл чарба тармагы эмес. Жазда үрөн сеп, күздө түшүм жыйнап алгыдай. Биздин тармактагы көпчүлүк көрсөткүчтөр кеч болот. Кээ бир гана көрсөткүчтөрү эртерээк болуп калышы мүмкүн. “Медицинанын өнүгүшү, экономикага түз өбөлгө болуп, 10-15 жылдык кечигүү менен көрсөтүлөт” –деп жазылган эреже бар. Бул бир өзүнчө мыйзам.  Түркиядагы бир мисалды айтайын. Ал жакта 2002-жылы орто жаш 72  болсо, 2012-жылы 78ке чыкты. Эне-баланын өлүмү ал жакта бүгүн дүйнөлүк стандарттын эң жакшысы.

-Ал маселе бизде да чоң көйгөй болуп келбеди беле, азыр кандай?

Бизде болсо эки жыл ичинде эне, баланын өлүмүн 2016-жылдын жыйынтыгы менен 22 пайызга азайды. Өткөн жылы 2014-2015-жылдардагы көрсөткүчтөрү боюнча 5 жашка чейинки балдардын өлүмү азайганына байланыштуу биз ЮНИСЕФдин атайы сертификатын алдык. Бул чоң жетишкендик. Бул сертификат жөн жерден эле берилбейт. Эгер ал сертификат болбосо мен айтат элем, бир жерде ката бар деп. Бул биринчиси. Экинчиси, өткөн кылымда деле, азыркы кылымда деле ошол ооруканалар. Дээрлик басымдуусу эски. Жаңысы жок, жаңырган жок. Анан кантип Баатыралиев бул тармакты түп тамырынан бери оңдоп жиберет. Ошондуктан, жаңы, заманбап ооруканалар бизге сөзсүз керек.

Эми айтыңызчы, сиздин аракетиңиз менен жалпысынан канча оорукана курулуп, ишке берилет?

— Түрктөрдүн ТИКА уюму Орто Азиядагы эң чоң ооруканалардын бири боло турган оорукананы биздин Фучикте салып жатышат. Курулушун токтотпой кышында да  иштешти. Грант түрүндө салынып жаткан мамлекеттик оорукана болот. Суммасын айтпай эле коёюн.  Ошто Кытай грант менен 250 орундук оорукана салынууда. Буйруса, он айдын ичинде ишке берилет. Булардан башка дагы 6 оорукана салынмакчы. Алар: балдар ооруканасы, перинатралдык, нейрохирургия, инфекциялык оорукана, дагы Баткенде перинетралдык оорукана. Булар 2019-жылдын аягына чейин толугу менен бүтүп калат. Мунун ичинен балдар ооруканасынан башкасы бүт грант түрүндө салынат. Мындан башка, жакында Катарга барып сүйлөшүп келдик. Алар да бизге 8 борбор салуу боюнча макулдашуу бар. Менин максатым, Президент колдоп жатканда, мындай чоң иштерди эртелетип бүтүрүү.  Кыскасы, мен кызматка дайындалып жатканда, максат кылган пландарымды катуу сындар айтылганына карабай акырындык менен ишке ашырып келатам. Аткарылган иштердин айрымдары жогоруда медицина боюнча жазылган эрежени айтканымдай, кечирээк үзүрүн бериши мүмкүн. Бербей койбойт, берет деген ишенимдемин. Бирок бир чоң көйгөй болду. Ушул мен министр болуп иштеген мезгилде 5 жолу өкмөт, коалиция алмашты.

Фучикте салынып жаткан оорукана…

Мунун өзү чоң иштерди жасоого бир топ эле кедергисин тийгизип койду. Чоң инвесторлор коалиция же өкмөт тарайт экен дегенди угуп калса эле, айнып калат, анан ачык эле сурашат: “Такташып алалы, сиз ордуңузда каласызбы, же кетесизби?”-дешип, мен так айта албайм. Ошентип, жакшы иштер улам артка жылып жатты. Маселен, сентябрь айында инвесторлор менен диализ-лабораториясын куруу боюнча жакшы макулдашып алдык эле, анан эле өкмөт тарайт экен деген кеп чыгып, алар айнып калышты. Өкмөт бекигенде, кайра тендер жарыяладык. Бирок баа маселеси кичине кымбатыраак болуп калды. Эгер өкмөт алмашпай, башталган иш шар кеткенде тендер баасы дагы арзаныраак болмок. Бул бир гана мисал. Мына ушул сыяктуу мисалдар көп эле.

Өкмөт алмашканда басымдуу министрлердин көбү кызматынан алынат, айрыкча көп сын айтылгандар. Бирок арасында “крышасы” күчтүүлөр кала берет. Сиздин “крышаңыз” ким, ачык айта аласызбы?  Бул жөнүндө да ар ким ар кандай кептерди айтып жүрүшөт, өзүңүз деле угуп жатсаңыз керек…

-Ачык эле айтайын, менин “крышам” жок.  Мен узак жылдар бою  чет мамлекетте Кыргызстандын байрагын көтөрүп, дүйнөгө жаш кардиолог катары таанылдым. Өз мекеним менен эч убакта байланышымды үзгөн жокмун. Болгон ойлогонум – жакшылык. Менин “крышам” – менин эмгегим. Муну интернеттен деле карап толук маалымат алсаңыздар болот. Ал жагын айтпай эле коёюн…  2,5 млрд. сом жылдык бюджети менен саламаттыкты сактоо министриндеги толгон-токой көйгөйлөрдү чечүүгө, чоң реформаларды жасоого болобу? Бул боюнча, ким кандай эң сонун сунуш айтат, келип айтсын, аны да кабыл алалы.

Мен билем, ачык эле айтайын. Биздин урматтуу президентибиздин мөөнөтү бүткөндөн кийин мени оңойчулук менен иштете коюшпайт. Балким башкача болуп кетет, аны убакыт көрсөтөт.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here