Көз үчүн пайдалуу:

Тамак-ашты аз колдонуу, көп ыйлоо, жылмайып жүрүү, башты зайтун (оливка) майы менен майлаш, мурунга зайтун,бадам, лавр майларын тамызуу, мээ, боор, бөйрөк, канды тазалоо, жакшы мүнөздө болуу, таза дарыя же көл жээгинде олтуруу. Көз кан тамырларына туздун топтолушу, көз кан тамырларына уюп калган кандын туруп калышы, көздөн жаш агышы, көздөгү катарактанын башталышы жана көздөгү кан басымдын белгиси.

Көз ооруларын алдын алуу

Көзгө зыяндуу нерселер: Көп жеш, көп суу ичүү, тузду көп колдонуу жана табигый эмес туздуу нерселер, өтө ачкыл азыктар, пияз, чеснок, кара мурч, уксус, ашказан же ичегилерде газ пайда кылуучу таттуу азыктарды пайдалануу, жатар алдында тоюп алуу, жыныстык мамиледе көп болуу, чалкасынан жатып уктоо, уйкунун аздыгы, кыйкырып катуу ыйлоо, мончого көп түшүү, тез-тез кан алдыруу, майда тамгалуу китептерди окуу, компьютерде өтө көп олтуруу.

                                                                                       Көздү дарылоо

Фенхел жапайы өсүмдүк суусу көзгө тамызылат. Кереметтүү көздү жандандырат. Мээ, ашказан, ичегилер, боор, өт, бөйрөк тазаланат. 1-2 чай кашык же арпа, буудай уругу 150 гр. кайнаган сууга аралаштырылып, 15 мүнөт демделип, сузулуп муздагандан соң көз ваннасы үчүн керектелет. Бир жумада 1-2 жолу көзгө 1-3 тамчы лавр, зайтун же ромашка майларын тамызуу көз ооруларына пайда берет жана көздү оорудан сактайт. Көзгө 1 күндө 1-2-3 жолу 1 же 3 тамчы лимон суусу тамызылат. Дарылоо 8-10 жумага созулат. Көздү тазалайт, тузду кетирет, көз ысыгын түшүрөт, көздү жандандырат. Көздүн калтасына 1 тамчы таза бал куюу көзгө эң жакшы пайда берет. Петрушка, ромашка же көк чай демдеп, көзгө компресс жасалат.

Андан кийин тамчы таза бал же жаңы 1 тамчы лимон суусу тамызылат. Пияз же чеснок суусуна таза бал аралаштырып, эртең менен, кечинде 1 тамчыдан тамызылат. Ар күнү эртең менен 2 чыкыйга сейдене майы сүртүлөт. Андан кийин 2-3 жолу сабиз суусуна 7-10 тамчы сейдене майын кошуп ичет. Зафаран /шафран/ суусун ичүү көздү кубаттандырат. Бир тутам зафаранды 200 гр. суу менен аралаштырып, бир күн тунугандан кийин марлиде сүзүп даярдалат. Көзгө эне сүтү же жаңы саалган уйдун сүтүн тамызуу керек. Лоя (буурчак) унунан камыр жууруп, көздүн сурмасына койсо да көз үчүн абдан пайдалуу.

Аида Мусаева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here