Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду 1,5 жылдын ичинде жалпы 681 долбоорду каржылаганын, сумманы көлөмү 211 млн. долларга жеткенин жар салды. Мындай жаңылыкты фонддун төрагасы Кубанычбек Кулматовдун “жеке” кубанычындай кабыл алгандар да арбын болду. Себеби, бул фонддон акча ала албай, нааразы болуп жүрүшкөн жүргөн карапайымдар көп. Кулматов жетектеген фонд тар чөйрөгө, көбүнчө байларга гана иштеп калганын аз күн мурун “Өнүгүүнүн”  лидери Бакыт Төрөбаев жар салган. Чынында эле, анын айткандары калетсиз. Азыр болбосо да, бул фонд байларга, бизнесмендерге кандайча кызмат кылып жатканы көп өтпөй ачыкка чыгары турган иш. Азырынча Кулматов деген «куураткыр» бул маселе тууралуу ооз ача элек…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here