Мына ушундай пикирин Алмазбек Атамбаев бүгүн 24-март революциясына арналган гүлбактын ачылышында айтты.  Ажо: “Бир нече айдан кийин кимиси татыктуу экени билинет. Талапкерлер бири-бирин шыбап жатышат. КСДП көрүнгөн эле мүчөсүн талапкер катары көрсөтпөйт”- дейт. Бирок кимдер талапкер болорун ачыктаган жок. Чынында элдин байкоосу Атамбаевдин бул маселе боюнча тандоосу менен шайкеш келбеси ачык. Белгилүү болгондой КСДПда Президенттике татыктуулар абдан көп эмес.

Ажо ошондой эле келечекте спикер да, премьер да болбой турганын, кызматтан кеткенде КСДПнын маселеси менен алек болорун, партия жаңыланып тазаланышы керек экенин кошумчалады. Туура, булганган адамдар арбын. Ажо эң ириде ошолордон арылышы зарыл.

Ал эми КСДП фракциясынын катарынан чыгарылып жаткан “балашка” Жанар Акаев тууралуу: “Анын кийинки шайлоодо өтө алар бекен, көрөлүчү” –деген оюн айтты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here